Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) полисин кантип алса болот? 

ID710
Көрүүлөр: 188
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтынан камсыздандыруу статусуңузду текшериңиз. Эгер камсыздандырылган болсоңуз, ОМС полисин сатып алуунун кажети жок.

  • паспорт же ID-карта;
  • Эгерде сиз КРнын жараны болсоңуз, бирок 14 белгиден турган жеке идентификациялык номериңиз жок болсо, Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылыңыз;
  • Эгер чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болсоңуз – паспорт, жашап турууга уруксат кагазы.
  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/   
  • Шилтемеге кириңиз;
  • “Ден соолук” бөлүмүнө өтүңүз;
  • “ОМС полисин сатып алуу” шилтемесин басыңыз;
  • “Ырастоо” баскычын басыңыз;
  • Төлөө ыкмасын тандаңыз (мобилдик банкинг, мобилдик капчыктар ж. б. аркылуу);
  • “Төлөө” баскычын басыңыз;
  • “Төлөм ийгиликтүү жүргүзүлдү” деген билдирүүнү жана ОМС полисинин каттоо номерин алыңыз.

ОМС полиси каттоодон 5 күн өткөндөн кийин иштей баштайт.

2. Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун аймактык башкармалыгына же жашаган (катталган) жериңиз боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборуна жеке өзүңүз кайрылыңыз. ОМС полисин сатып алууга арызды толтуруңуз. 

Төмөндөгү жолдордун бири аркылуу төлөм жүргүзө аласыз: 

  • банк,
  •  Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун аймактык башкармалыгы,
  •  интернет-банкинг аркылуу, 
  • мобилдик банкинг аркылуу, 
  • электрондук капчык аркылуу.

Төлөө квитанциясын алыңыз. 

ОМС полиси (2024) канча турат?

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – 1 840 сом. 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн:

  • 6 айга – 5 955 сом,
  • 12 айга – 11 910 сом. 




    Окшош суроолор