Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду ким жана кантип ала алат?

ID649
Көрүүлөр: 194
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Кимдер укуктуу:

  • Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган, иштеп жаткан аялдар;
  • Жеке ишкерлер;
  •  Дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү; 
  • Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу аялдар.
  • Ойдогудай төрөт – 126 күн.
  • Төрөт татаал өтсө, эки же андан көп бала төрөлгөн учурда 140 күн.
  • Катаал шартта жашаган аялдар үчүн (шартка жараша) 140-180 күн.
  • Кош бойлуулуктун 30-жумасына чейинки төрөттө: тирүү бала туулган учурда жөлөк пул 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);  бала өлүү туулганда же ал төрөттөн кийинки алгачкы жети күндүн ичинде чарчап калган учурда жөлөкпул болгону 70 календардык күнгө берилет.
  • Үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда 70 календардык күнгө;  бир эле учурда эки жана андан ашык баланы асырап алган учурда 110 календардык күнгө берилет.
  • Паспорт.
  • Эмгекке жараксыздык баракчасы (аны кош бойлуу кезде каттоодо турган медициналык мекемеден алууга болот).
  • Жеке ишкерлер үчүн: патенттин же каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
  • Дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү үчүн: жерди каттоо жана пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
  • Жумушсуздар үчүн: жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу деген маалымкат.
  • Фамилиясын өзгөрткөндөр үчүн: нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  • Жерди белекке алгандар үчүн: белек келишиминин көчүрмөсү.
  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/  

Бул  үчүн эмне кылыш керек: 

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
  • Кызматтар каталогунан тийиштүү кызматты тандоо;
  • Кызмат алууга табыштаманы тариздөө;
  • Жеке кабинетте “алынган кызматтар” бөлүмүндө өтүнмөнү иштеп чыгуунун статусун байкоого болот.

Көңүл буруңуз! Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары жана дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү, ошондой эле нотариалдык ишеним каты бар ишенимдүү адамдар онлайн кайрыла алышпайт. Сиз эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгына барышыңыз керек. Расмий түрдө жумушсуз деп табылып, жөлөк пул алып жүргөндөр онлайн кайрылса, жумушсуз катары катталган филиалдын дарегин көрсөтүшү керек.

  1. Арызды өзүңүз тапшырыңыз

Жумушчулар: иштеген жери боюнча.

Жеке ишкерлер, расмий жумушсуздар жана дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү: эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгына.

Бөлүмдөрдүн даректерин шилтеме боюнча көрсө болот: https://mlsp.gov.kg/ru/spravochnik-mtsr/  

Арызды кароо мөөнөтү – 10 жумушчу күнгө чейин.

Кандай чечим чыгышы мүмкүн:

  • кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду дайындоо;
  • жөлөк пулду дайындоодон баш тартуу, бул учурда сизге себептерин жана даттануунун жолдорун түшүндүрүп беришет;
  • кошумча документтерди суроо. 

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул төмөндөгүдөй эсептелет:

Кызматкерлерге алгачкы 10 күндө жөлөк пул иш берүүчүнүн эсебинен акыркы 3 айдагы орточо күнүмдүк айлык-акынын негизинде төлөнөт. 11-күндөн айына 20 эсептик көрсөткүч менен мамлекеттик бюджеттен чегерилет. 

Ишкерлерге жана расмий жумушсуздарга төлөмдөр мамлекеттик бюджеттен айына 20 эсептик көрсөткүч менен 11-күндөн төлөнөт. 

Тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарга жашагандар үчүн алгачкы 10 күнгө орточо айлыктын негизинде бардык кошумчаларды эске алуу менен иш берүүчү төлөйт. 11-күндөн тарта райондук коэффициентти эске алуу менен ошол эле эрежелер боюнча мамлекеттик казынадан чегерилет. 

Жөлөк пул үч айга чейин баланы асырап алуучуларга да тийиштүү. 

 

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул жөнүндө маалыматты Эмгек жана социалдык  камсыздоо министрлигинен жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн алсаңыз болот. 

Министрликтин расмий сайты: https://mlsp.gov.kg/ 

Министрликтин байланыш номерлери: (+996 312) 66-34-00, (+996 312) 62-45-22.

Эгерде сизде талаштуу маселе же арыз-муң болсо, анда:

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине кайрылыңыз. Арызда аты-жөнүңүздү, дарегиңизди, телефон номериңизди көрсөтүңүз. Маселеңизди так жана толук сүрөттөп жазыңыз. Арыз жазылган күндү көрсөтүп, колуңузду коюңуз. Арыз 14 күндүн ичинде каралат.




    Окшош суроолор