Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кош бойлуу аялдар үчүн кайсы медкызматтар акысыз?

ID759
Көрүүлөр: 159
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Бардык кош бойлуу аялдар амбулатордук жана стационардык деңгээлде медициналык жардамды акысыз алууга укуктуу. 

  • кош бойлуулук боюнча каттоого алуу;
  • кош бойлуу аялдын жеке картасын түзүү;
  • кош бойлуу аялдардын алмашуу картасын түзүү жана берүү;
  • гинекологдун, керек учурда башка профилдик дарыгерлердин кеп-кеңештери;
  • текшерүү, дарылоо;
  • лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • тиш доктурдун профилактикалык текшерүүсү, көйгөйдү аныктоо, тишти дарылоо жана тазалоо;
  • камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга ОМС полисин акысыз негизде берүү.

Көңүл буруңуз! Дарыгерлер кош бойлуулуктун 12-жумасына чейин каттоодон өтүүнү сунушташат. Бирок, эгерде сиз кандайдыр бир себептерден улам каттоого кеч турсаңыз, медиктердин сизден айып пул сураганга акысыз жок. 

Каттоого турган жериңизден төмөндөгү кызматтардын баарын акысыз аласыз.

Катардагы кош бойлуулук: 

– кандын жалпы анализи;

– зааранын жалпы анализи;

– заарадагы белокту аныктоо;

– кандын тобу;

– АИВге текшерүү;

– түйүлдүктү ультра үн аркылуу текшерүү;

– сифилиске изилдөө жүргүзүү;

– гонореяга изилдөө жүргүзүү;

– глюкозага толеранттуулукту пероралдык текшерүү;

– гемоглобиндин деңгээли;

– кындан жана цервикалдык каналдан материал алуу;

– Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта), көрсөткүчтөр боюнча трихомониазга текшерүү;

– көрсөткүчтөр болгондо кургак учукка текшерүү;

– психологиялык активдүү заттарды колдонууну аныктоо;

– эмчек эмизүү, жаңы төрөлгөн дени сак баланы багуу, төрөттөн кийинки контрацепция жана үй-бүлөнү пландоо, эненин жана жаңы төрөлгөндүн кооптуу белгилери, тамактануу, төрөттөн кийинки жашоо образы жана режим жөнүндө профилактикалык маектер.

 Патология менен коштолгон кош бойлуулук, анын ичинде кургак учук жана АИВ менен:

– амбулатордук адистештирилген медициналык жардам;

– жогору тобокелдик фактору бар кош бойлуу аялдарды кароо;

– көрсөтмөлөрү болгон учурда госпиталдаштыруу;

– төрөттөн кийинки мезгилде 10 жумага чейин аялды кароо;

– төрөттөн кийинки патронаж/үй-бүлөлүк дарыгердин/медициналык айымдын төрөгөн аялдын үйүнө баруусу;

– депрессияны/катаал мамилени аныктоо үчүн скрининг жана адистештирилген амбулаториялык жардам;

– эмчек эмизүү, жаңы төрөлгөн дени сак балага кам көрүү, төрөттөн кийинки контрацепция жана үй-бүлөнү пландоо, эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын кооптуу белгилери, тамактануу, төрөттөн кийинки жашоо образы жана режим жөнүндө окутуу.

 

  • төрөтүү;
  • кесарево операциясы, анын ичинде наркоз;
  • төрөт үйүнөн чыгаруу;
  • баланын туулгандыгы тууралуу маалымакаты;
  • кош бойлуу кезинде кыйынчылыктар пайда болсо, ооруканага жаткыруу;
  • төрөттөн кийинки 10 жуманын ичинде маселе жаралса, ооруканага жаткыруу;
  • лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • атайын тизмедеги дарыларды жана медициналык буюмдарды (шприц, спирт, кебез, бинт жана башкалар) берүү (тизме менен төрөт үйүнөн таанышууга болот).

Кош бойлуу аялдарга (иштебеген) ОМС полиси бекер берилет. Мунун жардамында  50%га чейин арзандатуу менен дары-дармектерди, анын ичинде фолий кислотасын, калий йодидин, курамында темир камтылган витаминдерди, дагы башка дарыларды ала алат. 

  • ҮМБда кош бойлуулук боюнча каттоого туруу;
  • камсыздандыруу (ОМС полисин алуу);
  • кош бойлуунун алмашуу картасы;
  • кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийин 10 жума бою оору пайда болсо, үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо алыңыз;
  • өздүгүн тастыктаган документ (паспорт) болушу керек.

Медициналык кызматкерлер сизден акча талап кылса же суроолор жаралса, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 кыска номуруна чалыңыз, чалуу акысыз, иштөө убактысы 9.00-18.00.

  • Дареги: 720040, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 122.
  • Тел.: 66-35-51, 66-52-42, факс: 62-65-19
  • Электрондук дарек: mail@foms.kg




    Окшош суроолор