Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Балдарга жөлөк пулду кантип алса болот? 

ID674
Көрүүлөр: 204
Актуалдуу: 27-03-2024
QR Code

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу кимдерге берилет?

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет. Бирок ал үй-бүлөлөр төмөндөгү талаптага туура келиши керек: 

  • үй-бүлөдө узак пайдалануучу ишке даяр товарлары (завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз оң абалдагы жеңил автомобили), жок болсо; 
  • эгерде үй-бүлөдө болгон мал-жандыктын баарын майда мүйүздүү мал бирдигине которсо, майда мүйүздүү малдын саны үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 4төн аз болсо; 
  • үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, тагыраагы, 1000 сомдон төмөн болсо. 

“Үй-бүлөгө” жөлөк пулу кимдерге берилбейт?

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төмөнкү учурларда берилбейт:

  • мамлекет тарабынан толук камсыздалган балдар үчүн;
  • эмгекке жарамдуу чоң кишилер (үч жашка чейинки балдарды караган ата-энелер же майыптыгы бар, туруктуу кароого муктаж үй-бүлө мүчөлөрү кирбейт) жумушу жок жана белгиленген жол-жобо боюнча иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турбаган үй-бүлөлөр үчүн;
  • акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга, кесиптик даярдоого, кайра даярдоого же квалификациясын жогорулатууга катышуудан баш тарткандар, ошондой эле мындай программаларга жана иш-чараларга катышууну өз билемдик менен токтоткондорго, иш менен камсыз кылуу кызматы сунуш кылган жумуштан же окуудан олуттуу себептерсиз (арыз ээсинин же анын баласынын ооруп калган, жакын тууганынын каза болгон учурларын эске албаганда) баш тарткандар. 

Жөлөк пулду белгилөөдө кандай кирешелер эсепке алынат:

  • айлык акы;
  • ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
  • жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
  • акчалай камсыздоо, аскердик наамга жана иштеген жылдарга үстөк акы, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар;
  • автордук сый акылар, банкка салынган акчалар боюнча пайыздар жана утуштар, алименттер;
  • жер үлүшүн ижарага берүүдөн же ижарага алуудан түшкөн кирешелер. 

Жөлөк пулду дайындоодо кандай кирешелер эсепке алынбайт:

  • пенсиянын бардык түрлөрү;
  • мамлекеттик жөлөк пулдар;
  • сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар;
  • кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар;
  • жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун дайындоодо мал-жандыктар жана транспорт каражаттары кандай эсепке алынат?

Үй-бүлөдө бир жана андан ашык аталыштагы узак пайдалануучу ишке даяр турган товарлар болгон учурда жөлөкпул алууга үй-бүлө укуктуу болбойт.

Узак пайдалануучу товарларга төмөнкүлөр кирет:

  • завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;
  • айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
  • жүк ташуучу автомобиль;
  • микроавтобустар.

Үй-бүлөнүн мал-жандыгы бар болсо, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулуна болгон муктаждык алардын малынын санына ылайык аныкталат:

  1. майда жандыктар – кой жана эчки;
  2. уй;
  3. бодо мал – бир жаштан өткөн торпок, бука;
  4. жылкы.

Мында үй-бүлөдө болгон мал-жандыктын бардык түрлөрү майда жандыктардын шарттуу бирдиктерине которулат:

1 уй=6 майда жандык;

1 торпок=2,5 майда жандык;

1 бука=8 майда жандык;

1 жылкы=7 майда жандык.

Мисалы, 5 адамдан турган үй-бүлөдө 1 уй, 1 торпок, 3 кой бар болсо, 1 уй= 6 МЖ (майда жандык), 1 торпок=2,5 МЖ.  Баары: 6+2,5+3=11,5 МЖ

Эми муну үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына, биздин мисалда 5 кишиге бөлөбүз: 11,5 МЖ: 5 = 2,3 МЖ туура келди. Демек, аларга (бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо) жөлөк пул дайындалат.

Балдары бар жана жөлөк пулга муктаж болгон үй-бүлөнүн муктаждыгы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын адистери тарабынан текшерилет.

  • паспорт;
  • балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
  • үй-бүлөнүн жалпы кирешеси жөнүндө маалымат;
  • банктык реквизиттер.

Иш жүзүндө жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалыматтарды алуу “Санарип Аймак” системасы аркылуу адистер тарабынан ишке ашырылат.

Зарыл болгон учурда кошумча төмөнкүлөр тапшырылат:

  • жумушсуз, эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынын маалымкаттары;
  • жери тууралууу маалымкат,
  •  Мал-жандыктарынын түрлөрү жана саны жөнүндө маалымкат;
  • Кирешени тастыктоога байланыштуу башка документтер.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн ким кайрыла алат:

  • Атасы же апасы, же болбосо камкорчусу.
  • Тиешелүү документтердин негизинде иш алып барган ишенимдүү адам.

Документтердин толук  топтому менен Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылыңыз. Бул жерде сизге автоматтык түрдө түзүлгөн арыз берилет, текшериңиз жана кол коюңуз. Андан кийин бөлүмдүн адиси өзүнүн колун коюп, арыз кабыл алынганын ырастайт.

Талаштуу маселе жаралса же арыз берүүчү берген маалыматтарды такташ керек болсо, төмөнкү жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүлөт: 

  • жөлөк пулга кошумча коэффициент каралган аймакта чын эле жашайбы;
  • жашы жете элек балдар же аракетке жөндөмсүз адамдар ата-энеси (камкорчусу) менен чогуу турабы;
  • үй-бүлөнүн кирешеси;
  • бюджетти эки бөлөк алып барабыз деген үй-бүлөнүн жашоо-шарты;
  • үй-бүлөнүн курамы;
  • берген документтердин чын-бышыгы. 

Текшерүү арыз кабыл алынгандан 7 күндүн ичинде жүргүзүлөт. 

Арыз берүүчүгө текшерүү боло турганы жөнүндө алдын ала кабар берилет жана текшерүү үй-бүлөдөгү чоң адамдын катышуусунда болот. 

Эгерде талаптарга туура келсе, сиздин балдарыңызга жөлөк пул дайындалат. Туура келбесе, жөлөк пул дайындоодон баш тартышат жана себептерин, даттануу жолдорун түшүндүрүрүп беришет. 

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу бардык документтер берилгенден кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат.

Жөлөк пул банк аркылуу, ал эми банк жок калктуу конуштарда почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.  

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү бир балага 1200 сомду түзөт.

Эгерде райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же барууга кыйын айылдарда жашаган үй-бүлө болсо, анда пособие коэффициенттерди эсепке алуу менен төлөнөт.

Жөлөк пул алган үй-бүлөлөр өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш күндүн ичинде эмгек жана социалдык камсыздоо органдарына маалымдоого тийиш, эгерде:

  • үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөн болсо;
  • үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө;
  • үй-бүлө туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен тышкары көчүп кетсе;
  • жөлөк пул алуучу каза болгон учурда;
  • же башка шарттарда.

Муну менен катар жөлөк пулду негизсиз дайындоого алып барган жагдайлар болгондугу тууралуу өз убагында кабар бербеген үй-бүлөгө “үй-бүлөгө көмөктү” төлөө бул факты аныкталган учурдан тартып токтотулат. Мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми “үй-бүлөгө көмөктү” жаңы дайындоо тууралуу арыз 12 ай ичинде кабыл алынбайт.

Эгерде: 

  • жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөгө негизсиз баш тарткан;
  • жөлөк пул туура эмес дайындалган;
  • жөлөк пул төлөө өз убагында жүргүзүлбөй жатат деп эсептесеңиз, анда сиз арыз менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана шаардын мэриясына караштуу мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жана төлөө тууралуу жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуу боюнча комиссияга кайрылууңуз керек.

Эгерде бул комиссиянын чечими менен макул болбосоңуз, анда Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигине кайрыла аласыз. 

Эгерде даттанууңузду караган органдардын чечими менен макул болбосоңуз, кабыл алынган чечимге сот тартибинде даттанууга укугуңуз бар. 

Бардык кызыктырган маселелер боюнча жашаган жериңиздеги эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгына; Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кабылдамасына кайрыла аласыз: 




    Окшош суроолор