Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Рента келишими деген эмне жана ал кантип таризделет?

ID1890
Көрүүлөр: 93
Актуалдуу: 08-07-2024
QR Code

Кээде адамда бирөөнүн жардамына, камкордугуна муктаждык жаралат. Өзүнүн мүлкү бар, бирок каралашкыдай тууганы жок. Мындайда рента келишими жардам бере алат. Кыскача мааниси – муктаж адам рента берүүчүдөн камкордук, жардам, төлөм алат, ордуна ага өз мүлкүн өткөрүп берет. 

Демек, рента – бул биринчи тараптын экинчи бир тарапка туруктуу түрдө акча төлөп бериши, экинчи тараптын биринчисине мүлк же капиталын өткөрүп бериши.

  • Рентага бериле турган үйдө башка адамдар катталбаганын текшериңиз.
  •  Рента келишими нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек. Ал эми кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүдө юридикалык күчкө ээ болуш үчүн мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. 
  1. Туруктуу рента:
  • Узак, аныкталбаган убакыт бою төлөнөт. 
  • Төлөмдөр боюнча милдеттенмелер келишим күчүндө болгонго чейин уланат жана рента алуучунун  өмүрү менен байланышта болбойт.
  • Рента алуучу рентаны алуу укугун мурас катары өткөрүп бере алат же башка адамдарга өткөрүп бере алат.
  1. Өмүр бою рента: 
  • Рента алуучунун көзү барында гана төлөнөт. 
  • Төлөмдөр боюнча милдеттенмелер анын көзү өткөндө токтотулат.
  •  Өмүр бою рента мурас катары өткөрүлбөйт же башка адамдарга өткөрүлбөйт.
  1. Убактылуу рента:
  •  Келишимде белгиленген белгилүү бир мөөнөткө төлөнөт.
  •  Төлөмдөр боюнча милдеттенмелер көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин рента алуучунун көзү бар же жок экенине карабастан токтотулат.
  • Рента алуучу рентаны алуу укугун келишимдин мөөнөтү бүткөнчө мурас катары өткөрүп бере алат же ошол аралыкка башка адамдарга өткөрүп бере алат. 

Ошентип, туруктуу, өмүр бою жана убактылуу рентанын ортосундагы негизги айырмачылык төлөмдөрдүн мөөнөттөрүндө: туруктуу рента убакыт менен чектелбейт, өмүр бою рента алуучунун өлүмү менен токтотулат, ал эми убактылуу рента алдын ала белгиленген мөөнөт аралыгында төлөнөт.

  • Акчалай (банктык эсебине же аманаттык китепчеге туруктуу төлөмдөр).
  • Накталай (натуралдык) түрдө (азык-түлүк, дары-дармек ж.б. менен камсыздоо). Накталай төлөм аныкталса, бардык чектетерди чогултуп, атайын дептер ачып алыңыз. 
  • Рента төлөөчү мүлктү башка адамдарга өткөрүп бере алат, анда рента боюнча милдеттенмелер жаңы ээсине өтөт.
  • Рента төлөөчү рента алуучунун макулдугусуз мүлктү ижарага же күрөөгө бере албайт.
  • Эгерде рента төлөөчү келишимдин шарттарын бузса, рента алуучу рентаны сатып алууну же келишимди бузуу талабын коё алат.
  •  Өмүр бою рента шарттарын олуттуу бузган учурда, рента төлөөчү мүлктү рента алуучуга кайтарып берүүгө милдеттүү болушу мүмкүн. 
  • Рента берүүчү милдеттенмелерин аткарбай жатса, рента  алуучу өз кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында мүлктү күрөөгө ала алат. 
  • Өмүр бою кам көрүү милдеттенмеси рента алуучунун өлүмү менен токтотулат. Эгерде рента алуучулар бир нече болсо, каза болгон жарандын үлүшү калган рента алуучуларга өтөт.
  •  Келишимге кол коердон мурда рента алуучу катары чыгып жаткан адамдын акыл-эси жайында экенине ынаныңыз. Кийин туугандарынан ар кандай дооматтар болушу ыктымал. 

  • Келишимдин бардык шарттарын так аткарыңыз. Бул рента алуучунун жана анын туугандарынын доосунан качууга жардам берет. 

  • Келишим түзүү үчүн сөзсүз түрдө тажрыйбалуу юрист менен кеңешиңиз. Бул карама-каршылыктардан качууга жана бардык юридикалык өзгөчөлүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга жардам берет.

  • Мыкты даярдыктан жана юридикалык текшерүүдөн кийин келишимге нотариустун катышуусунда кол коюңуз. Келишимге юридикалык күч берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарда каттаңыз.




    Окшош суроолор