Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кепил болуунун кандай тобокелдиктери бар? 

ID1740
Көрүүлөр: 120
Актуалдуу: 26-06-2024
QR Code

Тууганыңыз же таанышыңыз банктан кредит алганы жатат. Сизден кепил болуп берүүнү суранды. Макул болордон мурда тобокелдиктерди талдап чыккан дурус. 

Кепил болуу – бул кредит алуучу карызын төлөй албай калганда, анын кредиттик милдеттенмелерин өзүнө алуу.

Кепил болуу өзүн актаган учурлар бар. Мисалы, эки киши биригип бизнес баштап жатасыздар, кредит алышыңыздар керек. Өнөктөшүңүз кредитти өз атына алат, а сиз кепил болосуз. Мында сиздин кызыкчылыгыңыз бар. 

Таанышыңыз же тууганыңыз кепил болуп берүүнү суранып атса, мында сизге түз же квйыр түрдө пайда жок. Тобокелдиктер бир топ. 

Кепил болуучу – туруктуу кирешеси бар, кредиттик таржымалы таза адам. Ал көп учурда кредит алуучунун тууганы, таанышы болот. Банктын талабы – кепил болуучу КРнын жараны, расмий жумушу бар жана соттуулугу жок. 

Кепил болуучунун милдеттери:

  • Карызды төлөө милдети: Эгерде негизги карыз алуучу кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, кепил болуучу карызды төлөйт. 
  • Пайыздарды төлөө: Эгерде карыз өз убагында төлөнбөсө, кепил болуучу негизги карызды гана эмес, пайыздарды да төлөөгө аргасыз болот.
  • Сот чыгымдарын төлөө: Карызды өндүрүү боюнча сот иши жүргүзүлсө, кепил болуучу сот чыгымдарын жана ага байланыштуу башка чыгымдарды төлөөгө милдеттүү болушу мүмкүн.
  • Өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдоо: Кепил болуучу өзүнүн каржылык абалына же кепилдик милдеттенмелерин аткарууга таасир этүүчү жагдайлары өзгөрсө, банкка кабар бериши керек. 
  • Банктын талабы жана сот ишине катышуу жөнүндө карыз алуучуга билдирүү: Кепил болуучу адам банктын талабын канааттандыруудан мурун, бул жөнүндө карыз алуучуга кабар берүүгө милдеттүү. Эгерде кепил болгон адамга каршы доо коюлса, ал карыз алуучуну сот ишине тартууга милдеттүү.

Кепил болуунун тобокелдиктери:

  • Каржылык тобокелчилик: Эгерде карыз алуучу карызды төлөй албай калса, кепил аны төлөөгө аргасыз болот. 
  • Кредиттик таржымалдын бузулушу: Карыз убагында төлөнбөсө же дагы башка көйгөйлөр жаралса, кепил болуучунун кредиттик таржымалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
  • Юридикалык тобокелчилик: Эгерде карыз алуучу, ага улай кепил болгон адам карызды төлөй албаса, иш сотко өтүшү мүмкүн. 
  • Жазык жоопкерчилиги: Карыздарды төлөөдөн качуу үчүн жазык жоопкерчилиги каралган.
  • Узак мөөнөттүү милдеттенмелер: Кепилдик адатта көп жылга созулушу мүмкүн, өзгөчө ипотека сыяктуу узак мөөнөттүү кредиттерде.

Бүгүн кепил болуп, каалаган күнү банкка барып бул милдеттен баш тарта алам деп ойлогондор четтен чыгат. Бул жаңылыштык. Кепилдиктен баш тартуу банктын макулдугу менен гана ишке ашат. А банк оңойлук менен макул болбойт. 

Кепил болуучу адамдын олуттуу бир дартка кабылышы, кирешесинен же мүлкүнөн ажырашы, карыз алуучу менен пикир келишпестиктин пайда болушу кепил болуудан баш тартууга негиз боло албайт. 

Адистердин айтымында, бир жолу – кепил болгон адам өз ордуна талаптарга туура келчү башка талапкерди банкка сунуштай алат.

Эгерде кредит алган адам каза болсо, анын карыздары автоматтык түрдө кепил болгон кишиге өтпөйт. Банктар кепил болгон адамды кредитти төлөөгө милдеттендирүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок бул жерде бир нече жагдайларды эске алыш керек.

КРнын Жарандык кодексине ылайык, кепил болуучунун мойнундагы милдеттенме адатта карыз алуучунун өлүмү менен токтойт.

Эгерде кепил болгон адам маркумдун жакын тууганы болсо же керээзде ага мурас калтырылса, анда ал мураскор катары карызды төлөөгө милдеттенет.

Эгерде карыз алуучунун мүлкү мураскерлердин ортосунда бөлүштүрүлсө, кредит алардын мурастагы үлүштөрүнө жараша бөлүнөт.

Кепил болууга макул болордон мурун бардык тобокелдиктерди жана ыктымалдуу кесепеттерди кылдат карап чыгыш керек. Өз милдеттенмелериңизди толук түшүнүп, кредит алган киши акча жагынан кыйналса, анын ордуна карыз төлөөгө даяр экениңизге ынаныңыз. 




    Окшош суроолор