Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Батирдеги үлүштү кантип сатса болот?

ID1733
Көрүүлөр: 104
Актуалдуу: 26-06-2024
QR Code

Алгач кыймылсыз мүлктөгү үлүш деген эмне экенин түшүнүп алалы. Кыймылсыз мүлктөгү үлүш –  бул эки же андан көп адамга жалпы менчик укугу менен таандык болгон мүлктүн бир бөлүгү. Үлүштүк менчикте ар бир ээлик кылуучу өз үлүшүнө ээ, ал үлүш бөлүк түрүндө көрсөтүлгөн (мисалы, батирдин ½, ⅓, ¼ дегендей). 

Үлүштүк менчик ар кандай себептерден улам пайда болот. Батир бир тууган үч адамга чоң атасынан мурска калышы ыктымал. Же эки адам биргелешип бир батир сатып алышы мүмкүн.

Мындай үлүштү сатуунун өзүнчө тартиби бар, жол-жобосун карап көрөлү.

  • Жалпы эреже: Батирдеги өз үлүшүңүздү сатыш үчүн сиз берки ээлердин макулдугун алышыңыз керек. Эгер алардын макулдугу жок болсо, маселе сотко чейин жетиши ыктымал. 
  • Өзгөчө учур: Эгерде сиздер батирди экиге бөлүп, өзүнчө эшик ачып, чек арасын белгилеп алган болсоңуздар, анда экинчи кожоюндун макулдугу талап кылынбайт. Ал үчүн колуңуздарда өз-өзүнчө техникалык паспорт, менчик укугунун катталганын ырастаган кагаздар болушу шарт. 
  • Батирдеги үлүшүңүздү сатуу ниетиңизди баяндап, аны канча акчага жана кандай шартта сата турганыңызды билдирүү кат кылып жазыңыз. Катты батирге үлүштүк негизде ээлик кылган берки кожоюнга (кожоюндарга) бериңиз. Оозеки жарабайт. Бул аракет аларга артыкчылыктуу сатып алуу укугун берет.

  • Кошо ээлерге сиздин үлүшүңүздү сатып алуу чечимин кабыл алуу үчүн бир ай убакыт берилет. Эгерде алар баш тартышса же жооп бербесе, сиз үлүшүңүздү үчүнчү жактарга сата бересиз. 
  • Үлүшүңүздү сатуу үчүн зарыл болгон документтерди, анын ичинде сатып алуу-сатуу келишимин даярдаңыз. Берки кошо ээлер өз укугунан пайдаланбаса, бир ай өткөндөн кийин бул келишимди нотариустан күбөлөндүрүүгө болот.

  • Аларман менен сатуу-сатып алуу келишимин түзүңүз. Келишимди нотариалдык жактан күбөлөндүрүңүз. 
  • Менчик укугунун өтүшүн мамлекеттик реестрде каттаңыз. Эгерде башка кошо ээлер сатууну колдосо, алардын макулдугун да келишимди каттоого чогуу бериш керек.

  • Келишимди ийгиликтүү каттоодон өткөрдүңүз. Менчик укугу жаңы ээсине өттү. Иш ушуну менен жыйынтыкталды деп саналат. 




    Окшош суроолор