Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Бала кыймылсыз мүлктүн ээси боло алабы?

ID2360
Көрүүлөр: 25
Актуалдуу: 18-11-2024
QR Code

Балдардын менчикке болгон укугу

Балдар чоңдор сыяктуу эле кыймылсыз мүлккө ээ боло алышат. Алар мүлктү өз менчигине сатып алуу, мурастоо же белекке ыйгаруу жолу менен алышы ыктымал. Мындан сырткары турак-жайды менчиктештирүү маалында менчик ээлеринин катарына ал жерде катталган балдардын баарын кошууну мыйзам талап кылат. 

Балдар кыймылсыз мүлккө ээ боло алган менен 18 жашка толгонго чейин ошол мүлкүн өз алдынча башкара алышпайт.

  • 14 жаштан 18 жашка чейинки балдар кыймылсыз мүлккө байланыштуу бүтүмдү мыйзамдуу өкүлдөрүнүн – ата-энесинин же камкорчуларынын макулдугу менен гана жасай алышат. Мисалы, сата алышат.
  • 14 жашка чейинки балдар болсо андай бүтүмдөргө катыша алышпайт, бүт операцияларды мыйзамдуу өкүлдөр жасашат. 

Ата-энелер үчүн чектөө

Ата-эненин балага тийиштүү мүлктү тескөө аракеттери да мыйзамда жөндөлөт. Кыргызстанда баланын мүлкүнө байланыштуу иштердин баары камкорчулук, көзөмөлчүлүк органдарынын алдын ала макулдугу менен гана жасалат. 

Мисалы, 18ге толо элек бала батирин сатмакчы болсо, анда төмөндөгүдөй аракеттенет:

  • Мыйзамдуу өкүлү – ата-энеси, багып алуучусу же камкоручусунун кат түрүндөгү уруксатын алат. Эгерде жазуу түрүндөгү макулдук сатуу иши жасалгандан кийин алынса, анда сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп саналат. 
  • Камкордук жана көзөмөлчүлүк органынан батирди сатууга алдын ала уруксат алат. 

Булак: Үй-бүлөлүк кодекс




    Окшош суроолор