Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Үйдүн же жердин жоголгон документин кантип калыбына келтирсе болот? 

ID1655
Көрүүлөр: 147
Актуалдуу: 19-06-2024
QR Code

Үйдүн же жердин документи жоголсо, ээси мүлкүн башкарууда чектөөлөргө дуушар болот. Мисалы, ал үйүн же жер тилкесин сатуу, белек кылуу же ижарага берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бирок документтерди калыбына келтирсе болот. Кантип? Жол-жобосун карайлы. 

Кыймылсыз мүлккө болгон документтерди үч категорияга бөлсө болот:

  • Укукту тастыктаган документтер – бул сиздин менчик укугуңузду тастыктаган документтер, мисалы, сатып алуу-сатуу келишими, белек кылуу, алмашуу келишими, соттун чечими, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер тилкесин берүү чечими (жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү) жана менчиктештирүү документтери (күбөлүк же чечим).
  • Укукту аныктоочу документтер: жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик акт, жер тилкесине мөөнөтсүз (мөөнөт көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу боюнча мамлекеттик акт, жер тилкесине убактылуу пайдалануу укугу боюнча күбөлүк же ижара келишими, жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк.
  • Техникалык документация: Техникалык паспорт, техникалык план, кадастрдык паспорт, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден берилген, объекттин техникалык мүнөздөмөлөрү камтылган көчүрмө.

Документтерди калыбына келтирүүнү Бирдиктүү мамлекеттик реестрден маалымкат алуудан баштаңыз, ал баштапкы документтерди, катталган укуктарды жана алардын булагын көрсөтөт:

  • Мүлкүңүз боюнча Бирдиктүү мамлекеттик реестрден маалымкат алуу үчүн “Кадастр” мекемесине кайрылыңыз.
  • Маалымкатта менчик укугу кандай документтердин негизинде катталган жана бул документтерди кимдер бергендиги көрсөтүлөт.

Жеке жана юридикалык жактар түпнуска документти берген жергиликтүү каттоо органына дубликат берүү жөнүндө арыз тапшырышы керек. Ошондой эле жоголгон документтин жараксыздыгы тууралуу жарнаманы төмөнкү гезиттердин биринде жарыялашыңыз зарыл: «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо».

Документтердин дубликатын алыш үчүн мамлекеттик алымды төлөшүңүз керек. Документтин түрүнө жана берген мекемеге жараша алымдын өлчөмүн тактаңыз.

 Жергиликтүү каттоо органы арызды кабыл алган жана гезитке жарыя чыккан күндөн тарта жети жумуш күндүн ичинде укукту тастыктаган документтин дубликатын тариздейт. Дубликат колуңузга тиет. 

 Дубликатты алгандан кийин аны жакшылап сактаңыз. 




    Окшош суроолор