Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Үй-бүлөлүк жатаканада бөлмөнү сатканда/сатып алганда эмнелерге көңүл буруш керек?

ID1689
Көрүүлөр: 113
Актуалдуу: 24-06-2024
QR Code

Үй-бүлөлүк жатканалардын, коммуналдык батирлердин доору бүтүп баратат. Бирок мындай турак жайларды сатуу, сатып алуу азыр да көп кездешет. Бул макалада жатаканадагы мүлккө байланыштуу негизги жагдайларды карайбыз. 

Коммуналдык батирлерде жана үй-бүлөлүк жатаканаларда жашоочулар өзүнчө бөлмөлөрдө жашайт. Бирок ашкана, жуунучу жай, ажаткана сыяктуу жерлер жалпы колдонууда болот. Булардын көбү совет доорунда тигил же бул ишкананын жумушчулары үчүн курулган. Кийин дээрлик баары менчиктештирилип кетти. 

Негизи коммуналдык батир менен үй-бүлөлүк жатакананын ортосунда айырмачылыктар бар, бул макалада биз аларды чогуу карайбыз. 

Жалпы мүлккө ашкана, жуунучу жай жана ажаткана, коридор, кампа, кире бериш жай, ошондой эле жалпы балкондор кирет. Бул мүлктөр бардык бөлмө ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде болот.

Бөлмө ээлери жалпы жайларды кармоо чыгымдарын ортодон төлөшөт. Жашаган бөлмөсүнүн аянты канча болсо, жалпы төлөм ошого жараша алынат. Бирок жашоочулар өз ара макулдашып, бирдей өлчөмдө акча чогултушу мүмкүн. 

Эгерде жеке эсептегичтер бар болсо, ар бир үй-бүлө өз керектөөсү үчүн төлөйт. Эсептегичтер жок болгондо, төлөм бөлмөнүн аянтына же катталган адамдардын санына жараша эсептелет.

Бөлмө ээлери жалпы мүлктөгү үлүшүн башка адамдарга өткөрүп бере албайт же аны жеке муктаждыктары үчүн пайдалана албайт.

Бөлмөнү сатуу, айталы, батирди же жер үйдү сатуудан айырманалат. Жатакандагы кошуналар сиздин бөлмөңүздү сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ. Бул эмнени түшүндүрөт? Сиз алгач аларга жазуу түрүндө “бөлмөмдү сатам, баасы-шарттары мындай” деп кабар бересиз. Аларда ойлонууга 30 күн убакыт болот. Бир ай өтүп, бөлмөнү сатып алам деп эч ким чыкпаса, сиз аны башкаларга сата аласыз. 

Эгерде жатаканадагы бөлмөңүздүн эшигин, чегин өзүнчө кылып жасап алган болсоңуз, анда мындагы башка кожоюндардын макулдугун алыштын кереги жок. Техникалык паспорт, менчик укугун каттоо жана башка документтер тастыктама катары колдонулушу мүмкүн.

Эгерде башка ээлердин даректери белгисиз болсо, документтик бюродон же жергиликтүү администрациядан тастыктоочу документ берилген шартта мүлктү сатуу үлүшүн каттаса болот. 

Эскертүү:

  • Коммуналдык батирдеги бөлмөгө болгон укук менен жалпы мүлктөгү үлүшкө болгон укук бири-бири менен байланышта: бөлмөнү сатканда жалпы мүлктөгү үлүш да сатылат.
  • Бөлмөнүн ээси:
    • Жалпы мүлктөгү үлүшүн бөлүп, бөлмөсүз өзүнчө сата албайт.
    • Жалпы мүлктөгү үлүшүн бөлмөнү сатпай туруп башка адамга өткөрүп бере албайт.
  1. Юридикалык жактан тазалыгы:
    • Сатуучунун бөлмөгө ээлик кылуу укугун текшериңиз. Паспорттогу маалыматтарды бөлмөнүн документиндеги (менчиктештирүү кагазы, сатуусатып алуу келишими) маалыматтар менен салыштырыңыз. 
    •  Эгерде бөлмө менчиктештирүүдөн кийин биринчи жолу сатылып жатса, менчиктештирүү учурунда ал жерде жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу керек.
    • Сатуучудан мүлккө байланыштуу чектөөлөр жок деген маалымкатты сураңыз. 
    • Коммуналдык төлөмдөр боюнча карыздардын жана башка чектөөлөрдүн жоктугун текшериңиз.
  2. Бөлмөнүн жана жалпы мүлктүн абалы:
    • Бөлмөнү текшерип, анын абалын жана оңдоо зарылдыгын баалаңыз.
    • Ошондой эле, жалпы жайлардын (ашкана, ванна, ажаткана) абалын баалоо маанилүү, анткени алардын оңдоо бардык тургундардын мойнуна түшөт.
  3. Кошуналар:
    • Кошуналардын мамилеси мындай шартта ого бетер маанилүү. Жаңжал, ызы-чуу жашооңузга тоскоолдук жаратышы ыктымал. 
  4. Артыкчылыктуу сатып алуу укугу:
    • Жатаканадагы башка бөлмөлөрдүн ээлери бөлмөнү сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ деп жогоруда айттык. Сатуучу ушул шартты аткарганына ынаныңыз. 
    • Сатуучудан жатаканадагы башка кожоюндардан “сатып алуудан баш тарттым” деген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документти даярдап беришин талап кылыңыз. 
  5. Каттоо жана кайра каттоо:
    • Керек учурда сатып алынган бөлмөгө каттала ала турганыңызга ынануу керек.
    • Сатып алгандан кийин бардык документтерди өз убагында өзүңүздүн атыңызга кайра катташыңыз керек.




    Окшош суроолор