Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин товардын сапатына доомат койсо болобу?

ID2309
Көрүүлөр: 86
Актуалдуу: 15-11-2024
QR Code

Керектөөчүлөр сатуу-сатып алуу келишиминде, нускамада, этикеткада же товарга тийиштүү башка документте көрсөтүлгөн кепилдик мөөнөтүнүн ичинде сатуучуга, өндүрүүчүгө же ыйгарым укуктуу башка адамдарга доомат кое алат

 “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, кепилдик мөөнөтү өтүп кеткенден кийин товардан олуттуу кемчилик табылса, керектөөчү товардын кызмат өтөө мөөнөтүнүн ичинде, андай мөөнөтү аныкталбаган болсо, товарды алгандан тарта 10 жыл аралыгында  кемчиликти жоюуну талап кыла алат. 

! Товарда башынан эле кемчилик болгонун далилдөө керектөөчүнүн мойнунда. 

Дооматты эки нускада даярдаш керек: бирөө керектөөчүдө калат, экинчиси өндүрүүчүдө. Өндүрүүчү дооматты алган күнүн көрсөтүп, кол коюшу кажет. Эгерде ал дооматты кабыл алуудан баш тартса, анда катты почта аркылуу юридикалык дарегине жиберүү зарыл.

Өндүрүүчү/сатуучу керектөөчүнүн талабын канааттандырбай же көз жаздымда калтырып жатса, анда керектөөчү сотко кайрыла алат. 

Булак: “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 5-пункту




    Окшош суроолор