Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кафедеги тамактан ууланганда эмне кылыш керек?

ID1707
Көрүүлөр: 67
Актуалдуу: 25-06-2024
QR Code

Өз алдынча дарылануудан алыс болуңуз. Тез жардамга чалыңыз же ооруканага барыңыз. Сиз ал жактан сапаттуу медициналык жардамды гана албай, ууланганыңызды документтештиресиз. Себеби ден соолугуңуздун начарлашына кафедеги тамак себеп болгонун далилдешиңиз керек. Бул үчүн медиктерден кафедеги тамактануу менен уулануунун ортосундагы байланышты көрсөткөн корутундуну аласыз.  

Кафеден алган чек сизде сакталып калганбы? Текшериңиз. Чек жок болуп чыкты дейли. Эгер акыны карта менен төлөгөн болсоңуз, банк эсебинин көчүрмөсү сизге жардам берет. Сиздин жагдайыңызды далилдегенге жардам берчү күбөлөр болсо, аларды табыңыз. 

Окуя кандайча болгонун так жазып чыгыңыз. Талаптарыңызды кошуңуз, мисалы, ошол күнкү жеген тамагыңыздын акысын, дарыланууга кеткен чыгымды, ошондой эле моралдык зыянды төлөтүү. Эгерде талаптар аткарылбаса, антимонополия кызматына же сотко кайрыла турганыңызды белгилеңиз. 

Даттанууну кафеге кат менен берип жибериңиз же өз колуңуз менен жеткириңиз. Даттануунун эки көчүрмөсү болсун, бирин кафеге бересиз да, экинчисине администраторго “катты алдым” деп кол койдуруп алып, өзүңүзгө сактап коесуз.

Тамактануучу жайга окуяны жөнгө салуу үчүн убакыт бериңиз. Бул убакыт аралыгында кафе менен байланышта болуп, абалды көзөмөлдөп туруңуз. 

Эгерде сиздин талаптарыңызды кафе өз эрки менен аткарбаса, антимонополиялык кызматка же сотко кайрылсаңыз болот. 




    Окшош суроолор