Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Эч кандай документи жок адам кантип паспорт ала алат?

ID2720
Көрүүлөр: 23
Актуалдуу: 12-12-2024
QR Code

Эгерде инсандыгыңызды тастыктаган эч кандай документиңиз жок болсо же документиңиздин жарактуу мөөнөтү эбак өтүп кеткен болсо, анда сиз Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүңүздү аныктоо процедурасынан өтүшүңүз керек. 

СССР жарандыгында болгон адамдар:

  • 1974-жылкы үлгүдөгү паспортко ээ жана Кыргыз Республикасында каттоого алынган.
  • Башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу арыз берген эмес.

СССР паспортун жоготкон адамдар:

  • Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу каттоого алынган.
  • Жеке инсандыгын аныктагандан кийин жарандыгы боюнча тыянак чыгарылат.

Өз убагында паспорт албаган адамдар:

  • “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына туура келбегендер. 
  • Ата-энесиз, туугандарынын же тааныштарынын камкордугунда чоңойгон.

СССР паспортунда КМШнын жарандыгы тууралуу белгиси бар адамдар:

  • Тиешелүү мамлекеттин улуттук паспорту менен документтештирилген эмес.
  • Жарактуу документтин жоктугу боюнча түшүндүрмө каты менен кайрыла алышат.

Мөөнөтү өтүп кеткен паспорттору бар адамдар:

  • Кыргызстанда беш жылдан ашык жашайт.
  • Документти алмаштырууга мүмкүнчүлүгү жок.

1994-жылкы үлгүдөгү паспорту бар же жоготкон адамдар:

  • Буга чейин берилген паспортко №1 же №2 формалары жок.

Убактылуу инсандык күбөлүгү бар адамдар:

    • Документ 2 жылдык мөөнөткө жарактуу болгон.
  • Эгерде сиз Кыргызстанда жашасаңыз, арызды жашаган жериңиз боюнча калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнө же Калкты тейлөө борборуна арыз бересиз.
  • Эгерде чет өлкөдө жүрсөңүз, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесине кайрылыңыз.
  1. Талапкердин инсандыгын тастыктаган документтер (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк). 
  2. Толук өмүр баян. 
  3. Ак түстөгү фонго тартылган 4×6 см өлчөмүндөгү эки сүрөт.
  4.  Кыргыз Республикасында туруктуу жашаганын тастыктоо үчүн төмөнкү документтердин бири:
  • Каттоосу бар паспорт.
  • Жашаган жеринен алынган маалымкат.
  • Окуган, иштеген жеринен алынган маалымкат.
  • Кварталдын, үй комитетинин же айыл башчысынын милициянын участкалык инспектору жана арыз ээсинин үч кошунасы катышкан актысы.
  • Үй-бүлөлүк мамилелерди тастыктаган документ (никеге туруу же бузуу тууралуу күбөлүк).

Арыз электрондук система аркылуу кызматкер тарабынан толтурулат 

  1. Талапкерди идентификациялоо:
    • Жеке идентификациялык номерди (ЖИН) текшерүү.
    • Эгерде ЖИН жок же бир нече ЖИН аныкталса, кызматкерлер жеке номурду берүү же оңдоо боюнча өтүнүч түзүшөт.
  2. Документтерди текшерүү жана кабыл алуу:
    • Кызматкер бардык документтердин мыйзамга ылайыктыгын текшерет.
    • Зарыл документтер жок болсо, арыз ээсине түшүндүрмө берилет жана аларды 10 жумуш күнү ичинде алып келүү талап кылынат.
    • Жасалма документтер табылса, акт түзүлүп, улуттук коопсуздук органдарына маалымат берилет.
  1. Жарандыкты аныктоо боюнча комиссия:
    • Документтерди карап чыгып, жарандыкка тиешелүүлүгүн аныктайт.
    • Керек болгон учурда тиешелүү органдарга, анын ичинде чет өлкөлөргө суроо-талап жөнөтөт.
  2. Кароонун мөөнөттөрү:
    • 30 календарлык күндөн ашпайт.
    • Эгерде башка өлкөлөрдөн маалымат алуу талап кылынса, мөөнөт 6 айга чейин узартылышы мүмкүн.
  1. Оң чечим кабыл алынган учурда:
    • Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүк тууралуу маалымкат берилет.
    • Эми жаран паспорт алса болот. 
  2. Терс чечим кабыл алынган учурда:
    • Баш тартууга эмне негиз болгонун түшүндүргөн кат берилет.
    • Жаңы жагдайлар пайда болсо, бир жылдан кийин кайрадан кайрылууга болот.




    Окшош суроолор