Эгерде баланы чет жакка алып чыгыш керек болуп, бирок анын атасы (апасы) дайынын таптырбай жатса, анда төмөндөгүдөй аракеттенсе болот:
- Сотко баланын атасын (апасын) дайынсыз деп табуу боюнча арызды жазыңыз. Тийиштүү далилдерди тиркеңиз.
- Эгерде сот сиздин арызыңызды канааттандырса, анда баланы чет жакка алып чыгууга мындан ары атасынын (апасынын) макулдугу керек болбойт.
- Эгерде атаны (апаны) дайынсыз деп табууга мүмкүн болбой жатса, анда сотко атасынын (апасынын) макулдугусуз эле сыртка чыгууга уруксат берүү тууралуу арызды берсе болот. Сот абалды карап, баланын кызыкчылыгына туура келсе, сыртка чыгууга уруксат берет.
Кенен маалымат үчүн төмөндөгү материалдарды карап чыгыңыз: