Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Эгерде атасынын (апасынын) жүргөн жери белгисиз болсо, баланы чет өлкөгө кантип алып чыкса болот?

ID2425
Көрүүлөр: 8
Актуалдуу: 25-11-2024
QR Code

Эгерде баланы чет жакка алып чыгыш керек болуп, бирок анын атасы (апасы) дайынын таптырбай жатса, анда төмөндөгүдөй аракеттенсе болот:

  1. Сотко баланын атасын (апасын) дайынсыз деп табуу боюнча арызды жазыңыз. Тийиштүү далилдерди тиркеңиз. 
  2. Эгерде сот сиздин арызыңызды канааттандырса, анда баланы чет жакка алып чыгууга мындан ары атасынын (апасынын) макулдугу керек болбойт. 
  3. Эгерде атаны (апаны) дайынсыз деп табууга мүмкүн болбой жатса, анда сотко атасынын (апасынын) макулдугусуз эле сыртка чыгууга уруксат берүү тууралуу арызды берсе болот. Сот абалды карап, баланын кызыкчылыгына туура келсе, сыртка чыгууга уруксат берет. 

Кенен маалымат үчүн төмөндөгү материалдарды карап чыгыңыз:

Баламды чет өлкөгө алып чыгыш үчүн атасынан (апасынан) кантип уруксат алам?

Жаранды дайынсыз жок же өлдү деп табыш үчүн эмне кылыш керек?




    Окшош суроолор