Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Алименттик милдеттенме кайсы учурда токтотулат?

ID2709
Көрүүлөр: 70
Актуалдуу: 09-12-2024
QR Code

Алименттик милдеттенме аныктоо жолуна (ыктыярдуу макулдашуу же сот аркылуу) жана алименттик алаканын түрүнө жараша токтотулат. Төмөндө мындай милдеттенмени токтотуунун негизги шарттарын карайбыз. 

Жашы жете элек балдарды багуу үчүн алимент төлөө милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат:

  • Баланын 18 жашка толушу. Келишимде башка бир шарт жазылбаса, алименттик милдеттенме бала 18ге толгондо автоматтык түрдө токтотулат. Бирок студент бала өзү атасынан (апасынан) алимент өндүрсө болот. Макаланы караңыз: ЖОЖдо окуп жаткан балага кантип алимент өндүрсө болот?
  • 18 жашка чейин аракетке толук жөндөмдүүлүктү алуу. Бул, мисалы, бала никеге турганда же эмансипация (соттун чечими менен аракетке жөндөмдүү деп табылышы) учурунда ишке ашат. 

Эгер алименттик милдеттенме алимент төлөө боюнча келишим менен жөнгө салынса, анда ал төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

  • Тараптардын өз ара макулдугу менен. Тараптар каалаган учурда келишимди токтотуу жөнүндө макулдашууга барса, алименттик милдеттенме токтотулат.
  • Бир тараптын өлүмү. Алименттик милдеттенме жеке мүнөзгө ээ жана бул укук мурастоого жатпайт. 
  • Келишимдин мөөнөтүнүн аякташы. Эгер келишим белгилүү бир мөөнөткө түзүлсө, мөөнөт бүткөндө милдеттенме токтотулат.
  • Келишимде көрсөтүлгөн башка негиздер. Мисалы, келишимде “бала жогорку окуу жайына өткөндө алимент токтотулат” же “алиментти алуучу башка шаарга көчүп кеткенде алимент токтотулат” ж.б. деп жазылса, ушул жагдайлар жүз бергенде алименттик милдеттенме токтотулат. 

Соттук чечим менен белгиленген алименттик милдеттенме төмөнкү учурларда токтотулат:

  • Баланын 18 жашка жашка толушу. Ыктыярдуу келишимдеги милдеттенме сыяктуу эле сот аныктаган алимент да бала 18ге толгондо токтотулат. 
  • Жашы жете элек баланын аракетке толук жөндөмдүүлүктү алышы. Мисалы, никеге турушу же ишкер макамын алышы.
  • Баланы асырап алуу. Эгер алимент төлөнүп жаткан бала башка бирөө (мисалы, аялдын экинчи күйөөсү) тарабынан асырап алынган болсо, милдеттенме токтотулат.
  • Эмгекке жарамдуулугу калыбына келсе же алуучу жардамга муктаж болбой калса. Сот алимент алуучу мындан ары каржылык жардамга муктаж эмес деп тааныса, бул милдеттенмени токтотууга негиз болот.
  • Мурдагы жубайдын жаңы никеге турушу. Алиментти балага эле эмес, жубайлар бири-биринен да белгиленген шартта өндүрө ала турганын билебиз. Эгер муктаж жана эмгекке жарамсыз (алимент алуучу) мурдагы жубай жаңы никеге турса, милдеттенме токтотулат.
  • Бир тараптын өлүмү. Алименттик милдеттенме жеке мүнөзгө ээ болгондуктан, төлөөчү же алуучу каза болгондо токтотулат.




    Окшош суроолор