Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

ЖОЖдо окуп жаткан балага кантип алимент өндүрсө болот?

ID1875
Көрүүлөр: 92
Актуалдуу: 08-07-2024
QR Code

18 жаштан 21 жашка чейинки студентке алимент өндүрсө болот. Шарты – студент окуу жайдын күндүзгү бөлүмүндө келишимдик негизде акы төлөп билим алып жаткан болушу керек. Алименттин өлчөмү – окуу акысынын 50%ы. Бул учурда доогер болуп студент өзү чыгат, атасы (апасы) эмес. 

 Алимент өндүрүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  1. Алимент өндүрүү боюнча доо арыз же сот буйругун берүү тууралуу арыз. Арызда өзүңүз, ата-энеңиз жөнүндө керектүү маалыматтарды көрсөтүп, алимент өндүрүү өтүнүчүн тиешелүү мыйзам актыларына таянып негиздеңиз (арыздын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, жүктөп алсаңыз болот). 
  2. Жашаган жеринен маалымкат. 
  3. Окуу жайдан күндүзгү окуу формасында окуп жатканыңызды ырастаган маалымкат. 
  4. Окуу жай менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү. 

Доо арызды, ага тиркелген документтерди жашаган жериңиздеги сотко бериңиз. Доо өндүрүшүндө арызды кароо мөөнөтү бир айды түзөт, буйрук өндүрүшүндө – 3 күн. 

Сот берилген далилдердин жана документтердин негизинде чечим чыгарат. Эгерде сот талаптардын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн аныктаса, ал сиздин пайдаңызга алимент өндүрүү чечимин чыгарат. Бул окуу учурунда каржылык колдоо алууну камсыз кылат.




    Окшош суроолор