Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Экинчи ирет үйлөнүп, балалуу болдук. Биринчи никедеги балдарыма алиментти азайтса болобу?

ID2430
Көрүүлөр: 7
Актуалдуу: 25-11-2024
QR Code

Эгерде экинчи никеде балалуу болсоңуз, анда биринчи никедеги балдарыңыз үчүн алименттин көлөмүн азайтуу арызы менен сотко кайрыла аласыз. 

Алиментти азайтуу арызын бергенге башка да себептер болушу мүмкүн:

  • Алимент төлөөчү ишке жараксыз болуп, алименттик милдеттерин мурдагыдай көлөмдө аткара албай калса;
  • Алимент төлөөчү ишке жараксыз ата-энесин да багышы керек болуп, кирешеси эки милдетин тең аткарууга жетпей жатса;
  • Алимент төлөөчү ар кайсы энеден туулган балдарына алимент төлөп, анын жалпы көлөмү тапкан акчасына салыштыра келгенде өтө жогору болсо. 

Доо арыз алимент алуучунун жашаган жери боюнча сотко берилет. Арызда аныкталган алиментти кармап калышкандан кийин тапкан кирешеңиз бардык балдарыңыздын муктаждыктарын жаппай жатканын көрсөтөсүз. 

 




    Окшош суроолор