Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кошуналар тынчтык бербесе эмне кылыш керек?

ID1916
Көрүүлөр: 430
Актуалдуу: 08-07-2024
QR Code

Кыргызстанда Турак үйлөрдү жана үй алдындагы жер тилкелерин пайдалануу-кармоо боюнча типтүү эрежелер бар. Бул документте көп кабаттуу үйлөрдөгү жүрүм-турум нормалары аныкталган. 

Типтүү эрежелердин 8-пунктуна ылайык, турак жана турак эмес жайлардын ээлерине саат 23.00дөн 7.00гө чейин телевизорду, радиону, магнитофонду жана башка үн күчөткүч түзүлүштөрдү кошуналардын тынчын алчу деңгээлде колдонууга тыюу салынат. Көрсөтүлгөн убакта батирлерде тынчтык сакталышы керек.

  1. Маселени тынч жол менен чечүүгө аракет кылыңыз

     Кошуналар менен сүйлөшүңүз. Ызы-чуу сизге жана башка жашоочуларга тоскоол болуп жатканын түшүндүрүңүз. Балким, кошуналар ызы-чуу салып жатканын байкабай калды.

  2. Үй комитетинин төрагасына же башкаруучу компанияга кайрылыңыз 

    Эгерде кошуналар менен сүйлөшүү жардам бербесе, үй комитетинин төрагасына же башкаруучу компанияга кайрылыңыз. Алар тартип бузгандарга таасир этип, көп кабаттуу үйлөрдөгү жүрүм-турум эрежелерин эске салышы мүмкүн.

  3. Ызы-чууну каттаңыз

    Ашыкча чуунун убактысын жана мүнөзүн жазып туруңуз. Эгер мүмкүн болсо, ызы-чуудан жабыркаган башка жашоочулардын күбөлүк көрсөтмөлөрүн жыйнаңыз.

  4. Милицияга кайрылыңыз

    Эскертүүлөргө карабай, кошунаңыз ызы-чууну токтотпой жатса, милицияга кайрылыңыз. Алар кошуналарга түшүндүрүү ишин жүргүзүп,  эрежелерди эске салышы мүмкүн.

 Эгер кошуна эрежелерди бузуууну улантса, аны Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартса болот. 

Калкты ызы-чуудан коргоо талаптарын бузуу үчүн төмөндөгүдөй айып пул каралган:

  • жеке адамдарга – 100 эсептик көрсөткүч (10000 сом);
  • юридикалык жактарга – 280 эсептик көрсөткүч (28000 сом).

Кимге кайрылабыз?

Арызды жазыңыз. Ызы-чуунун датасын, убактысын жана мүнөзүн көрсөтүңүз. Далилдерди (жазуулар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү) тиркеңиз.

Арызды укук бузуулар жөнүндө иштерди карап, 82-беренеге ылайык айып пул салуучу ден соолукту сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бериңиз.

Арыздын каралышын көзөмөлдөңүз. 




    Окшош суроолор