Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыкты алыш үчүн эмне кылыш керек?

ID531
Көрүүлөр: 154
Актуалдуу: 22-04-2024
QR Code

Майыптык адамдын физикалык саламаттыгы, психикасы же акыл-эс жагында туруктуу көйгөй бар дегенди билдирет. Бул көйгөйлөрдүн деңгээлине жараша адамдарга I, II жана III топтогу майыптык берилет.

Майыптык макамын алууга негиз болуп берчү жагдайлар бир топ. Мисалы:

  • Өнөкөт оорулар адамдын өзүн-өзү тейлеп же иштешин чектеши мүмкүн.
  • Жаракаттар кыймылды чектеп, бирөөгө көз каранды жашоого алып келет. 
  • Бала кезден берки майыптык генетикалык көйгөйлөргө байланыштуу жана өнүгүүнү чектейт. 
  • “Кесиптик” оорулар зыяндуу шарттарда иштөөдөн пайда болот. 
  • Психикалык бузулуулар бир өмүр камкордукту талап кылат.
  • Онкология жашоого олуттуу таасир этет жана узак мөөнөттүү дарылоону талап кылат.
  • Карылык менен кошо келген оорулар кишинин өз алдынча жашоосун чектейт. 

Жашаган жериңиз боюнча медициналык мекемеге (үй-бүлөлүк медицина борбору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) медициналык-социалдык экспертизага жолдомо алыш үчүн кайрылыңыз. Форманын аталышы – №088у (жолдомо толтурулгандан баштап 3 айга чейин жарактуу). Дарыгерлер баштапкы кароону жүргүзүп, тиешелүү жолдомону даярдап беришет. 

Көңүл буруңуз! Жолдомо (форма 088у) мекеменин мөөрү жана кеминде үч дарыгердин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Ооруканадан чыгаруу кагаздары да мекемелердин мөөрлөрү менен тастыкталышы талап (бурчтук мөөр менен дарыгердин жеке мөөрү жетишсиз). Бардык документтердин көчүрмөсүн даярдаңыз. 

  • паспорт;
  • иштеген кишилер үчүн эмгек китепчеси же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен үзүндү;
  • саламаттыкты сактоо уюмунан жолдомо – форма №088у;
  • бейтаптын амбулатордук картасы, ооруканада жатканы боюнча кагаздар;
  • ооруну тастыктаган медициналык документтер (кеңеш берүү жыйынтыктары, лабораториялык жана башка кошумча изилдөөлөр);
  • иштеген жарандар үчүн эмгекке жараксыздык кагазы. 

Дарыгердин жолдомосу жана белгиленген документтердин баарын алып, аймактар аралык же шаардык МСЭКке (медициналык-социалдык экспертиза комиссиясына) кайрылыңыз. Бул жерде сиз медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө арыз толтурасыз. 

Документтерди тапшыргандан кийин МСЭК экспертиза өтчү күндү белгилейт. Экспертиза учурунда адистер сиздин физикалык жана психологиялык абалыңызды баалап, майыптык тобун аныкташат. Кызмат акысыз көрсөтүлөт.

Экспертизадан кийинки 5 күн ичинде МСЭКтен төмөнкү документтерди аласыз: 

  • МСЭКтин маалымкаты;
  •  МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө;
  • экспертизанын жыйынтыктары менен №088 формасынын айрып алуучу талону;
  • экспертизанын жыйынтыктары менен эмгекке жарамсыздык баракчасы (иштеген жарандар үчүн).

Көңүл буруңуз! Эгерде кайрылуучунун медициналык документтери талапка жооп бербесе, анда комиссия аны кайра текшерүүгө жөнөтүүгө укуктуу. Дарыгерлер көп учурда жарандарды МСЭКке жиберерде “кагаздарыңызды тигил же бул топтогу майыптыкка даярдадык” деп алдын ала айтып, кийинки талаш-тартышка себепчи болуп калат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагылар майыптыктын тобун аныктай албайт, бул МСЭКтин иши. Эгерде жаран кайра текшерүүгө жөнөтүлсө, корутунду 10 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө берилет.

МСЭКтин корутундусу менен социалдык камсыздоо боюнча жергиликтүү мекемеге кайрылып, пенсияга, дагы башка жеңилдиктерге кагаздарды тууралаңыз. Бул жөнүндө кенен маалымат үчүн шилтемени басыңыз: 

Чоң адамдар майыптык боюнча пенсияны кантип ала алат?

 

МСЭКтин чечимине даттануунун жол-жобосу:

  • Чечимди баалаңыз: Эгерде сиз медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) чечимине макул болбосоңуз, анын үстүнөн даттана аласыз. Даттануу административдик да, соттук да тартипте ишке ашышы мүмкүн. Бирок алгач Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна (РМСЭБ) кайрылуу сунушталат.
  • Арызды бериңиз: МСЭКке же түздөн-түз РМСЭБге арыз жазыңыз. Тандоо сиздин каалооңузга байланыштуу. Арызды почта аркылуу жибере аласыз же өзүңүз түз барсаңыз да болот. 
  • Медициналык ишти өткөрүп берүү: Арызды бергенден кийин үч күн ичинде сиздин медициналык ишиңиз РМСЭБге кийинки кароо үчүн өткөрүлүп берилиши керек.
  • РМСЭБде ишти кароо: РМСЭБдин адистери бир ай ичинде сиздин ишиңизди карап, МСЭКтин чечиминин негиздүүлүгүн текшеришет. Сиз комиссиянын кеңейтилген жыйынына кайра текшерүү үчүн чакырыласыз. Эгерде сизде ал жакка барганга мүмкүнчүлүк жок болсо, тийиштүү маалымкат менен комиссия үйгө келе алат. 
  • Чечимди өзгөртүү: Эгерде РМСЭБ баштапкы чечим туура эмес экенин аныктаса, ал өзгөртүлүшү мүмкүн.
  • Андан ары даттануу: Эгерде сиз РМСЭБдин чечимине да макул болбосоңуз, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин атайын кеңейтилген комиссиясына кайрыла аласыз. Бул үчүн тиешелүү арызды жазыш керек.
  • Сотко кайрылуу: Эгерде атайын комиссиянын чечимине макул болбосоңуз, сизде сотко кайрылуу укугу бар. Эске алыңыз, мыйзамда каралган бардык административдик жолдорду басып өткөн соң гана сотко кайрыла аласыз. 




    Окшош суроолор