Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Баланы мектепке кантип киргизсе болот? 

ID871
Көрүүлөр: 91
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Баланы биринчи класска кабыл алуу электрондук система аркылуу жүргүзүлөт. Электрондук каттоо Кыргызстандын бардык аймактары үчүн жеткиликтүү жана акысыз. 

Жеңилдетилген категориялар

Система төмөндөгүлөргө артыкчылык берет:

  • Аскер кызматчыларынын балдары.
  • Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары.
  • Бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана мектеп кызматкерлеринин балдары.

Катталуу үчүн минималдуу жаш курак

  • Бала системага катталуу үчүн окуу жылынын башталышына карата 6 жашка толушу керек.

Каттоо эрежелери

  • Учурдагы окуу жылы үчүн гана каттоо жүргүзүлөт. Балаңызды алдын ала каттай албайсыз.
  • https://mektep.edu.gov.kg/organization-check шилтемеси аркылуу ата-энесинин жеке номурун (ПИН) киргизип, кайсы мектепке таандык экениңизди текшере аласыз. 
  • Система атайын мектептерге, музыкалык мектептерге же интернаттарга жазылууну жүргүзбөйт. 

Сиз баланы https://mektep.edu.gov.kg/ шилтемеси аркылуу төмөндөгү убакыт чектеринде каттай аласыз:

  • 10-апрелден 26-майга чейин – эгер каттоо юридикалык жашоо дарегиңиз аркылуу болсо.
  • 26-июндан 31-августка чейин – эгер каттоо азыркы (чыныгы) жашоо дареги боюнча болсо. 

Мобилдик телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү зарыл. 

Арыз берүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн паспорттору.
  • Ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номери (ПИН).
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  • Уюлдук телефон номери.
  • Электрондук почта (логин жана сыр сөз жиберишет).
  • Кошумча электрондук почта (каттоо жазуусун алыбына келтирүү үчүн кызмат кылат).

Эгерде балада ПИН жок болсо, калкты тейлөө борборуна кайрылыңыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын порталынан каттоо дарегинин бар-жогун текшериңиз.

Ачыңыз: https://mektep.edu.gov.kg  

Арыз берүү үчүн төмөнкү маалыматтарды ырааттуу толтуруңуз:

  1. Балага ким болуруңузду көрсөтүңүз?
  • Атасы;
  • Энеси;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандасаңыз, тиешелүү документти PDF форматында тиркешиңиз керек).
  1. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат:
  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ПИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Мобилдик номер;
  • Негизги электрондук почта (логин жана сыр сөз ошол жакка жиберилет);
  • Кошумча электрондук почта;
  • Жеңилдик каралган болсо, тиешелүү пунктту тандаңыз жана документти  PDF форматында тиркеңиз. 
  1. Бала жөнүндө маалымат:
  • Жеке идентификациялык номери (ПИН), аты-жөнү, туулган күнү-жылы, баланын жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;
  1. Мектепти тандоо:

Биринчи этапта:  

  • Каалаган окуу тили;
  • Ата-энелердин катталган дареги боюнча системада автоматтык түрдө тиешелүү мектеп көрсөтүлөт.

Экинчи этапта:

  • Каалаган окуу тили;
  • Бош орундар бар болсо, арыз ээси каалаган мектепти тандай алат.
  1. Арызды жиберүүдөн мурда бир көз жүгүртүп, баарын текшерип чыгыңыз. Арызыңыз катталгандан кийин электрондук почтаңызга билдирүү келет. 

Балаңыз 1-класска кабыл алынганы тууралуу билдирүү аласыз. 1-августтан 31-августка чейин мектепке төмөнкү документтерди тапшырышыңыз керек:

  • Баланын күбөлүгүнүн жана ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспортунун көчүрмөлөрү;
  • Баланын ден соолугу тууралуу маалымкат;
  • Эмдөөлөр таржымалы тууралуу документтин түп нускасы (форма 063);
  • Баланын 3х4 см өлчөмүндөгү  сүрөтү.

Баланы мектепке киргизүү, электрондук система тууралуу суроолоруңуз калса, 110 кыска номуруна чалыңыз. Кыска номур дүйшөмбү-жума күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. 

 




    Окшош суроолор