Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Баланы бала бакчага кантип кезекке койсо болот? 

ID864
Көрүүлөр: 161
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Баланы бала бакчага кезекке каттоо электрондук система аркылуу жүргүзүлөт. Электрондук каттоо Кыргызстандын бардык аймактары үчүн жеткиликтүү. Системага киргизүү акысыз.

Кезек күтүүнүн бирдиктүү системасы иштейт. Ага ылайык, бакчадагы орун шаардагы же айылдагы бардык балдар үчүн катталышына жараша берилет. Кезектин тартиби арыз берилген күн менен аныкталат.

Жеңилдик алуучулардын тобу бар, алардын балдары орундарды бөлүштүрүүдө артыкчылыкка ээ, ал эми калган балдар жалпы кезекке ылайык кабыл алынат.

Жеңилдетилген категорияга төмөнкүлөр кирет:

  • ата-энесинин камкордугунан ажыраган жетим жана жарым жетим балдар;
  • I жана II топтогу майыптардын балдары;
  • көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары (беш жана андан көп балдары бар болсо);
  • 2002-жылдагы Аксы окуяларынын, 2010-жылдын апрель/июнь окуяларынын курмандыктарынын жана катышуучуларынын балдары;
  • Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын арасынан каза болгондордун жана майып болуп каза болгондордун балдарды;
  • Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар;
  • Аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын балдары;
  • Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары.

Мобилдик телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү зарыл. 

Арыз берүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн паспорттору.
  • Ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номери (ПИН).
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
  • Уюлдук телефон номери.
  • Электрондук почта (логин жана сыр сөз жиберишет).
  • Кошумча электрондук почта (каттоо жазуусун алыбына келтирүү үчүн кызмат кылат).

Ачыңыз: https://mektep.edu.gov.kg  

Арыз берүү үчүн төмөнкү маалыматтарды ырааттуу толтуруңуз:

  1. Балага ким болуруңузду көрсөтүңүз?
  • Атасы;
  • Энеси;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандасаңыз, тиешелүү документти тиркешиңиз керек).
  1. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат:
  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ПИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Мобилдик номер;
  • Негизги электрондук почта (логин жана сыр сөз ошол жакка жиберилет);
  • Кошумча электрондук почта;
  • Жеңилдик каралган болсо, тиешелүү пунктту тандаңыз жана документти тиркеңиз. 
  1. Бала жөнүндө маалымат:
  • Жеке идентификациялык номери (ПИН), аты-жөнү, туулган күнү-жылы, баланын жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;
  1. Бала бакчаны тандоо:
  • Каалаган окуу тили;
  • Арыз ээси жашаган жери боюнча сунушталган бакчалардын ичинен каалаганын тандай алат. 
  1. Арызды жиберүүдөн мурда бир көз жүгүртүп, баарын текшерип чыгыңыз. Арызыңыз катталгандан кийин электрондук почтаңызга билдирүү келет. 

 

Системадан кезегиңизди текшере аласыз: https://mektep.edu.gov.kg/application-status/preschool 

Көңүл буруңуз! Жеңилдик каралган кишилердин арыздары биринчи каралып, кабыл алынган үчүн электрондук кезектеги катар номуруңуз өзгөрүп турушу мүмкүн. 

 

Төмөндөгү документтер керек: 

  • Папка (скорошиватель)
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • Ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн)биринин паспортунун көчүрмөсү;
  • № 26/У, № 063/У медициналык формалары;
  • Баланын ден соолугу тууралуу маалымакат;
  • Зарыл болгон учурда республикалык же шаардык психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын коррекциялык окууну аяктагандыгына байланыштуу баланы бала бакчанын жалпы өнүктүрүүчү тобуна которуу жөнүндө корутундусу.




    Окшош суроолор