Ооба, кадастрдык каттоодо өзүнчө объект катары катталбаган имарат бөлүгүн сатса болот. Бул үчүн аны кыймылсыз мүлктүн өзүнчө объектисине ажыратып алып, каттоодон өткөрүш керек. Төмөнкү кадамдар жасалат:
- Бөлүү долбоорун иштеп чыгуу – азыркы кыймылсыз мүлк кандайча бөлүштүрүлө турганын аныктай турган техникалык планды же долбоорду иштеп чыгуу керек. Муну кесипкөй адистер жасайт.
- Жаңы объектини каттоо – баштапкы документ жокко чыгарылат да, кыймылсыз мүлктүн жаңы объектилери кадастрда өз-өзүнчө катталышы керек. Бул юридикалык бардык аракеттерге, анын ичинде бөлүнгөн мүлктү сатууга коюуга жол ачат.
- Менчик укугу тууралуу жаңы күбөлүктү алуу – жаңы объектини каттагандан кийин ал сиздин менчигиңиз экенин ырастай турчу документти колго аласыз.