Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ипотекага алынган батирди кантип сатса болот? 

ID1530
Көрүүлөр: 162
Актуалдуу: 15-05-2024
QR Code

Батирди ипотекага алган болсоңуз да, ал баары бир сиздин менчигиңиз деп саналат. Банктын менчиги эмес. Демек, батирге байланыштуу каалаган чечимиңизди ишке ашырсаңыз болот. Бирок батирди сатып же белек кылыш үчүн банктын макулдугу керек, себеби кыймылсыз мүлк күрөөдө турат. 

Батирге болгон менчик укугун башка бирөөгө эки жол менен өткөрө аласыз:

  1. Банктын макулдугу менен батирди сатуу, мындайда ипотекадагы карыздын калган бөлүгү да жаңы кожоюнга өтөт. 
  2. Ипотекалык карызды мөөнөтүнөн мурда толук жаап, күрөөдөн чыгарып, анан батирди сатуу. 

Биринчи кезекте ипотекалык келишимди кайрадан окуп чыгыңыз. Анда күрөөдөгү мүлктү сатуунун эрежелери көрсөтүлүшү керек. Адатта банктын макулдугу менен мүлктү сатса болору айтылат. 

Батирди сатам деген суроо-талап менен банкка кайрылыңыз. Банк кайрылууңузду карап чыгып, абалды баалап-анализдеш үчүн кошумча документтерди сурашы ыктымал. Адатта банктар өз кызыкчылыгы жабыр тартпаса, калган карызды төлөө жагы кепилденген болсо, батирди сатууга макулдугун берет. 

Банк атайын адис батирди баалоодон өткөрсүн деп талап коюшу мүмкүн. Бул аркылуу ал мүлктүн базардагы баасын аныктайт да, ипотекалык карыздын калган бөлүгүнө акча жетер-жетпесин анализдеши керек. 

Банк макулдугун берди, батирдин базар баасы да белгилүү болду. Эми аларманды издей берсеңиз болот. Риэлторлорду кызматынан пайдаланып же атайын платформаларга, соцтармактарга жарыя чыгарыңыз. 

Аларман табылса, сатуу-сатып алуу ишинин шарттарын, анын ичинде батирдин баасын, эсептешүү тартибин талкуулаңыз. Алуучу ипотекалык карыздын калган бөлүгүн жапкыдай акчаны берүүгө, ошондой эле карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн банктын комиссиясын төлөгөнгө даяр болушу керек. 

 

Бул иш банк аркылуу же анын катышуусунда жүзөгө ашышы керек. Иштин бардык чоо-жайы, анын ичинде акчаны алуу жагы да банк менен макулдашылышы шарт. Адатта алуучунун акчасы банктагы эсепке түшөт. Ипотеканын калган бөлүгү жабылмайынча акча атайын эсепте сакталат. Андан кийин банк батирди күрөөдөн чыгаруу боюнча документти берет. Арткан акча сатууга берилет. Сатуу-сатып алуу келишими катталат. 

Ипотека толук жабылып, аларман менен эсеп-кысап бүткөн соң, батирге болгон менчик укугун аларманга өткөнүн “Кадастр” мекемесинде катташ керек. Ушундан кийин аларман батирдин толук кандуу ээси болот. 

Бардык документтер жайында болуп, банк менен алармандын алдындагы милдеттериңиз аткарылганына ынаныңыз. Ушундан кийин батирди сатуу иши жыйынтыкталды десе болот. 




    Окшош суроолор