Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ээлик кылуунун эскилиги аркылуу менчик укугун кантип тариздесе болот? 

ID1570
Көрүүлөр: 154
Актуалдуу: 20-05-2024
QR Code

Ээлик кылуунун эскилиги – мыйзамдуу кожоюндун каршылыгы жок туруп, анын мүлкүнө узак убакыт бою ачык түрдө ээлик кылып келген жаранга ошол мүлктү өз менчигине алышына жол берген процесс.

 Жакшыраак түшүнүш үчүн бир нече мисалды карап чыгалы: 

  • Кээде укукту аныктаган документтер таризделбей же жоголуп кетиши мүмкүн. Мисалы, документи жок мүлктү жаран сатып алып же белекке алышы ыктымал. Жыйынтыгында анын колунда мүлккө ээлик кыларын тастыктаган эч бир кагазы жок. 
  • Садыкка досу 17 жыл мурун Кара-Балтадагы үйүн таштап, көз сала турчу деп Россияга кетти. Досу РФтин жарандыгын алып, ошол жакта туруктуу жашап калды. Ортодо байланышка чыгып: “Кыргызстанга барып, үйдү сатып жүргөнгө убактым жок, чыгымы үйдүн баасын актабайт деле. Үйдү сага бердим, ала бер” деп кабар берди. Бирок досу үйдү өзүнө каттатып алууга ашыккан жок, жылдар өтө берди. Азыр алардын ортосунда катыш жок, Садык менен телефон, кат аркылуу байланышуу жыйынтыксыз болууда. 
  •  Кээде адам өзүнүн баалуу буюмун таштап коюп, дайын-оту жок болуп кетет. Мисалы, кимдир бирөө же кайсы бир уюм батирди, гаражды ижарага алган. Күтүүсүздөн кетип калып, андагы техника, зер буюм сыяктуу жеке буюмдарын таштап койгон. 
  • Доорон машинаны уурдап, башка бир кишиге сатып жиберди. Алган киши бул мүлк уурдалганын билген эмес. 

Ушул учурлардын баарында жарандар ээлик кылуунун эскилиги деген беренеге таянып, мүлктү өз атына каттата алышат. 

Ошентип, ээлик кылуунун эскилиги – бул менчик укугун алуунун бир жолу. Төмөндөгү шарттар сакталышы керек: 

  1. Көп жылдан бери үзгүлтүсүз түрдө мүлккө ээлик кылып кылуу, муну эч кимден жашырбай, баары ачык-айкын кармоо.  
  2. Мүлктү өзүнүн менчигиндей пайдалануу.
  3. Мүлккө ээлик кылуунун мыйзамдуу негизине ээ болбоо (мисалы, мыйзам же келишим боюнча). 
  4. Кыймылсыз мүлккө эң аз дегенде 15 жылдан бери, кыймылдуу мүлккө 5 жылдан бери ээлик кылуу. 
  5. Ээлик кылууда ак ниеттикти көрсөтүү. 

Ээлик кылуунун эскилиги өз билемдик менен салынган курулуштарга жана жер тилкелерине колдонулбайт. 

Бул сот аркылуу гана ишке ашат. Доо арыз менен сотко кайрылыш керек. 

Ээлик кылуунун эскилигине таянып, сот аркылуу мүлккө болгон менчикти тариздөөнүн жол-жобосун карап чыгалы. 

Мыйзам талап кылган убакыт аралыгында (жогоруда токтолгонбуз, кыймылсыз мүлк үчүн эң аз дегенде 15 жыл, кыймылдуу мүлккө 5 жыл) мүлккө үзгүлтүксүз жана ак ниеттик менен ээлик кылып келгениңизди тастыктаган бардык далилдерди чогултуңуз. Бул – күбөлөрдүн көрсөтмөсү, мүлктүн, мисалы, үйдүн сиз жашап-карап жүргөндөн берки сүрөттөрү, салык, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр ж.б. 

Сиз сотко ээлик кылуунун эскилигинин негизинде мүлккө болгон менчик укугун таануу тууралуу доо арыз менен кайрылышыңыз керек. 

Төмөндөгү документтерди чогултуңуз: 

1. Мүлккө ээлик кылып жүргөнүңүздү тастыктай турган далилдер:

  • Үйдүн, батирдин же дагы башка мүлктүн сиз ээлик кылып жүргөндөн берки сүрөттөрү. 
  • Салык, коммуналдык төлөм сыяктуу мүлккө байланыштуу чыгымдарды төлөп жүргөнүңүздү далилдей турган квитанциялар.
  • Сиз мүлккө көптөн бери ээлик кылып жүргөнүңүздү ырастай ала турчу кошуналарыңыздын же жергиликтүү тургундардын көрсөтмөлөрү.  

2. Юридикалык документтер:

  • Ээлик кылуунун эскилигинин негизинде менчик укугун таануу тууралуу арыз. 
  • Сотко доо арыз.
  • Паспорт.

3. Юридикалык кеп-кеңеш:

  • Менчик укугуна адистешкен юристке кайрылыңыз. Ал сиздин жагдайыңызда менчик укугун тариздөө канчалык мүмкүн, ээлик кылуунун эскилигине туура келеби же жокпу деген суроолорду карап, кеп-кеңешин же бүтүмүн берет. 

4. Соттук же каттоо документтери:

  • Эгерде бар болсо, мүлкүңүз тууралуу соттун мурдагы чечимдеринин көчүрмөсү. 
  • Мүлк боюнча мамлекеттик органдардын же үчүнчү бир адамдардын алдында карызыңыз жок экенин ырастоочу документтер. 

5. Укуктук тоскоолдуктар жок экенин ырастоо:

  • Мүлк ижарада, күрөөдө эмес экенин, башка адамдардын доосу жок экенин ырасташ үчүн тийиштүү мекемелерге суроо-талап жибериңиз. 

Сотто мүлккө көп убакыттан бери ачык, ак ниет ээлик кылып келгениңизди далилдеңиз. Бардык күбөлөрдү, документтерди камдап барыңыз. 

Эгерде сот сиздин дооңузду канааттандырса, мүлккө болгон менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө негиз болуп берчү соттук чечимди аласыз. Ошол чечимди алып, кадастр мекемесине менчик укугун каттоо арызы менен кайрыласыз. Мында мүлккө болгон укук тууралуу күбөлүктү беришет. 




    Окшош суроолор