Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Батирди колдон сатып аларда эмнелерге көңүл буруш керек?

ID1419
Көрүүлөр: 129
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Батир сатып алганда сак болбосоң, бир топ  тобокелдиктер бар. Айталы, акчаңдан кол жууп калуу же документ иштериндеги көйгөйлөр. Кээде мурунку ээси үйдү убагында бошотуп бербей түйшүккө салышы мүмкүн. Ашыкча баш оорудан оолак болуш үчүн байкагычтык, анан мыйзамга так иш алып баруу кажет. 

Үйдүн жана жалпы колдонуудагы аянтчалардын абалы:

  • Үй акыркы жолу качан капиталдык оңдоодон өткөнүн тактаңыз. 
  • Үйдүн сыртында жаракалар же дагы башка кемчиликтер бар-жогун караңыз.
  • Кире беришин, короону, тепкич жактарды, лифттерди, видеокамераларды текшериңиз.

Унаа токтотуучу жай жана балдар аянтчасы:

  • Унаа токтотуучу жай барбы-жокпу, болсо абалы кандай?
  • Балдар аянтчасы талапка ылайыкпы, абалы дуруспу?

Батирдин абалы:

  • Суу, жылуулук, электр энергиясы, газ сыяктуу коммуналдык кызматтар жайындабы?
  • Желдетүү системасы барбы?
  • Пол менен дубалдардын абалы кандай?
  • Суу агып кеткен же көгөргөн жерлер жокпу?

Батирди сатып алсаңыз, кандай оңдоо иштерин жүргүзүш керек, ага болжол менен канча чыгым кетет? Зарыл болсо, уста чакырыңыз, ал болочоктогу чыгымдарды эсептеп берсин. Батирдин баасын бычканда ушул жагдайларды эске алыңыз. 

  1. Мамкаттоодон көчүрмө кагаз:
  • “Түндүк” системасы аркылуу батирге болгон укуктун жана анын таржымалын көрсөткөн көчүрмө алыңыз. Ар бир документтин баасы 152 сом турат. 

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктун көчүрмөсү

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын тарыхы

Бул документтер кожоюндарынын аты-жөнүн, батирге чектөө коюлуп-коюлбаганын көрсөтүп берет. Ошондой эле батир тууралуу маалыматтар камтылат: багыты, кадастрдык номуру, аянты, кабаты ж.б. Кожоюндары канча аралыкта алмашканын изилдеңиз, батир улам эле колдон-колго өтүп жатса, анда көйгөй болушу ыктымал. 

  1. Укукту аныктаган документтер:
  • Сатуучу батирге кандайча ээлик кылып калганын тактаңыз: сатып алганбы, приватташтырганбы, белекке же мураска алганбы? Тийиштүү документти көрсөтүшүн талап кылыңыз. 
  1. Техникалык паспорт:
  • Батирдин пландаштыруусу азыркы абалы менен дал келер-келбесин текшериңиз: жуунучу жайлар, суу чыкчу жерлер кайда жайгашкан, түркүк дубалдар барбы? Эгерде батирдин планын өзгөртүшкөн болсо, бул тууралуу техпаспортко маалымат киргизилгенби?
  1. Кайрадан пландаштыруу
  • Батирдин планы өзгөртүлүп, бирок техпаспортто өзгөртүүгө уруксат көрсөтүлбөсө, анда баары мыйзамсыз. Кийин сиз айыпка жыгылып калышыңыз мүмкүн, батирди сатышыңыз да кыйындайт.  
  1. Коммуналдык төлөм үчүн карыз:
  • Коммуналдык кызматтар үчүн карыз жок экенине ынаныш үчүн акыркы квитанцияларды сураңыз. Ошондой эле ТСЖга береси бар-жогуна көңүл буруңуз.
  • Батирге мурда ким ээлик кылган, мурдагы ээлеринин саны канча, аларда юридикалык жактан көйгөйлөр болгон эмеспи? Азыркы кожоюнунда мыйзам менен маселе жокпу, анын ичинде психоневрологиялык жана наркологиялык мекемелерде каттоодо турушпайбы?
  • Батир ээси ушул тапта жубайы менен ажырашып жаткан жокпу же жакында эле ажырашпадыбы? Бул жагдай мүлктү сатуу укугуна таасир этет. Айрыкча батирди жубайлар чогуу алган болуп, алардын бири экинчисинин макулдугу жок сатып жаткан болсо, алдыда сизди чоң көйгөйлөр күтөт. 
  • Көзү өтүп кеткен мурдагы кожоюндар, батирге ээлик кылууга талапкер болушу ыктымал мураскерлер тууралуу да тактап койгон жакшы. Керээз кат менен батир бир мураскерге өтсө, экинчиси бул боюнча сотко кайрылышы мүмкүн. 
  • Эгерде батирге ээлик кылгандардын катарында жашы жете электер болсо, сатууга мыйзамдуу уруксат алынганын тактаңыз. Камкорчу тийиштүү органдын уруксатын албай туруп, камкордугундагы баланын мүлкүн сата албайт. 

Батир сизге жакты, баасы да бычылды. Баабашы тууралуу макулдашууну жазуу жүзүндө эки нускада түзүңүз. Айрыкча эсептешүү бир-эки айда же андан узагыраак мөөнөттө толугу менен бүтөт дегендей келишим бар болсо, баабашын макулдашуу түрүндө тариздеп алган дурус. 

Баабашы макулдашуусунда төмөндөгүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Баабашынын суммасы, адатта ал батирдин баасынын он пайызынан ашпайт. 
  • Батирдин толук баасы. 
  • Толук эсептешүү кайсы күнү болору. 
  • Бардык суммалар сомдо көрсөтүлүшү керек, болбосо сатуу-сатып алуу иши жараксыз деп табылышы мүмкүн. 

Көңүл буруңуз:

  • Баабашы тууралуу макулдашууну нотариустан өткөрүүнүн кажети жок. 
  • Макулдашуу түзүлмөйүнчө баабашын бербеңиз. Анткени баабашын алып, жоголуп кетмей – алдамчылар көп колдонгон амал. 
  • Баабашын бергенден кийин сиз батирди сатып алуудан баш тартсаңыз, анда баабашы акча сатуучуда калат. Эгер сатуучу баабашын алган соң, батирин сатпайм деп чыкса, анда ал алган акчасын эки эселеп бериши керек. 

Нотариуста батирди сатуу-сатып алуу келишимин түзөсүздөр. Бардык тараптар, алардын ичинде жубайлар да жеке катышып, кол коюлгандан кийин гана акчаны бересиз. 

Керектүү документтер :

  • Бардык тараптардын паспорттору. 
  • Батир ээсинин жубайынын мүлктү сатууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу. 

Келишимде төмөндөгүлөрдү текшериңиз: 

  • Батирдин так мүнөздөмөлөрүн. 
  • Батирдин дарегин жана кадастрдык номурун. 
  • Батир канчанчы кабатта, жалпы жана жашоого жарактуу аянты канча экенин. 
  • Батирдин баасы канча, төлөө шарттары кандай экенин. 
  • Тараптардын аты-жөнүн, жеке номурларын (ИНН). 

Келишимде сатуучу тарап батирди кайсы күнү бошотуп берери да көрсөтүлүшү керек. 

 

  • Батирге ээлик кылуу укугун мамкаттоодон өзүңүзгө өткөргөндөн кийин гана толук эсептешиңиз. Же коопсуздук үчүн нотариустун эсебин, болбосо аккредитив же эскроу-эсеп деген сыяктуу банктык кепилдиктерди колдонсоңуз болот.

Аккредитив жана эскроу-эсеп — бул сатуу-сатып алуу иштеринде кепилдикти камсыздаган каржылык инструменттер. Аккредитив сатып алуучуга иштин шарттарын так аткарылган учурда төлөм жасаларын кепилдейт. Эскроу-эсеп акчаны же мүлктү эсеп-кысап бүткөнчө нейтралдуу тарапта сактап турат. Экөө тең сатуучу үчүн да ,сатып алуучу үчүн тобокелдиктерди минималдаштырат. 

  • Мамкаттоодон батирге болгон менчик укугу сизге өткөнүн каттоодон өткөрүңүз. 
  • Менчик укугу тууралуу күбөлүктү өз атыңызга алыңыз.




    Окшош суроолор