Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Башка бирөөнүн айынан үй-мүлкүм күйүп кетсе эмне кылышым керек?

ID1554
Көрүүлөр: 106
Актуалдуу: 16-05-2024
QR Code

Тапкан үй-мүлкүң күлгө айланса, өтө чоң сокку болот. Өрт башка бирөөнүн, айталы, кошунанын айынан тутанган болсо, андан чыгымды өндүрүп алса болот. Мындайда ыкчам жана так аракеттер талап кылынат. 

Сиздин жана жакындарыңыздын коопсуздугу, амандагы биринчи орунда. Буюм-тайым же документти сактап калам деп тобокел аракеттерди жасабаңыз. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтканы менен болуңуз, алар уруксат бермейинче имаратка кирбеңиз. 

Өрт өчүп, коопсуз жагдай орун алганда, тилсиз жоонун кесепетиндеги зыянды документтештириңиз. Сүрөт жана видеого тартыңыз.

Өрт өчүрүү маалында башка кошуналарыңыз да зыян тарткан болушу мүмкүн, мисалы, үйүн суу каптайт. Аларды да кошо сүрөт-видеого тартыңыздар. Бардык чыгымды күнөөлүү тарап төлөп берүүгө милдеттүү. 

Өрт башкалардын күнөөсү менен болгонун тастыктаган маалыматтарды, далилдерди мүмкүн болушунча көбүрөөк чогултуңуз. Мисалы, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, өрт өчүрүү кызматынын актысы, кылмыш ишин козгоо же четке кагуу жөнүндө тергөө органдарынын токтому, ТСЖнын актысы, байкоо камераларынын видеолору ж. б. 

Ар бир өрт болгон жерге өрттү көзөмөлдөө кызматынын тергөө органдарынын кызматкерлери келишет. Алар протоколду түзүшөт, анда окуянын убактысы жана дареги, жабырлануучулардын маалыматтары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, өрттөн жабыркаган мүлктүн сүрөттөлүшү жана өрттүн себептери аныкталат. Керек учурда өрт-техникалык экспертиза дайындалышы мүмкүн.

Эгерде тараптардын бири тергөөчүнүн корутундусу менен макул болбосо, бул жагдай протоколдо көрсөтүлөт. Мындай пикир келишпестик соттук териштирүү учурунда сот тарабынан эске алынышы мүмкүн.

Ошондой эле зыянды баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуга кайрылыңыз. Ага сураган документтердин баарын бериңиз. Баалоочуга ишин аткарышына көмөктөшүңүз. 

Эгерде сиздин мүлкүңүз камсыздандырылган болсо, камсыздандыруу компаниясына кайрылыңыз. Аларга  сураган документтерди жана маалыматтарды бериңиз. Бардык процедура бүткөн соң, сизге чыгымды төлөп беришет. 

Эгерде маселе камсыздандыруу компаниясы же күнөөкөр аркылуу тынчтык жолу менен чечилбесе, анда жашаган жериңиздеги сотко доо арыз менен кайрылыңыз. 

Төмөндөгү документтерди алып, сотко барыңыз:

  • доо арыз, анын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, жүктөп алсаңыз болот;
  • паспорт жана анын көчүрмөсү;
  • келтирилген зыянды далилдеген сүрөт-видеолор;
  • зыянды баалоо актысы, өрт өчүрүү кызматынын актысы;
  • зыяндын өлчөмүн тастыктай турган башка документтер;
  • үйгө ээлик кыларыңызды далилдеген документтер;
  • күбөлөрдүн билдирүүлөрү;
  • маселени сотко чейин чечүү аракетин ырастаган документтер, мисалы, күнөөлүү тарап менен кат алышууңуз, камсыздандыруу компаниясынын жообу;
  • сотко кайрылыш үчүн кетирген чыгымдарыңыздын далилдери: юридикалык, эксперттик кызматтарга акча кетирген болсоңүз, анын чектери. 
  • мамлекеттик алымдын квитанциясы.

Иш каралгандан кийин сот чечим чыгарат. Бул чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын алуу керек.

Эгерде сиз соттун чечимине макул болбосоңуз, анда апелляциялык тартипте даттана аласыз.




    Окшош суроолор