Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Үй куруу үчүн жер тилкесин сатып аларда эмнелерге көңүл буруш керек? 

ID1483
Көрүүлөр: 146
Актуалдуу: 10-05-2024
QR Code

Курулуш максатында жер тилкесин сатып аларда анын жайгашкан жерине гана эмес, юридикалык жактан тазалыгына маани бериш керек. 

Талаптарыңызга жооп берген бир нече жер тилкесин таптыңыз дейли. Ар бирине барып, убакыт кетириштин кажети жок. Варианттарды алгачкы электен өткөрүңүз. Бул үчүн ачык булактарга кирип, жер тилкелерин изилдеп чыгыңыз. Жер ээсинен тилкенин кадастрдык номурун сураңыз, ал бир нече сандан турат. 

  • darek.kg/Map шилтемесине кириңиз
  • Жердин кадастрдык номурун киргизиңиз. 
  • Тилкенин аянтын, кадастрдык баасын, жайгаш жерин жана формасын, кайсы максатта колдонууга уруксат берилгенин изилдеп чыгыңыз. 

Ошондой эле тилкенин айланасындагы инфраструктурага, болочокто ал аймак кайсы багытта өнүгөрүнө көңүл буруңуз. Жердин ээсине чалып, тегерек-четте кандай объектилер бар экенин сураңыз. Мисалы, өндүрүштүк ишкана курулганы жатса, бул жагдай сиздин тандооңузду өзгөртүшү мүмкүн. 

Жер тилкесин карап жатып, төмөндөгүлөргө көңүл буруңуз: 

  1. Коммуникациялар барбы: Жарык, суу, канализация, газ ж.б. жеткиликтүүбү? Эгерде жок болсо, мунун баарына уланууга мүмкүнчүлүк барбы, чыгымы канча болот?
  2. Транспорт үчүн ыңгайлуубу: Бул жерге жеке же коомдук автоунаада жетиш кыйын эмеспи? Күн сайын ары-бери катташыңыз керек болсо, бул жагдай өтө маанилүү. 
  3. Аймак алдыда кандай өнүгөт: Жергиликтүү бийлик бул аймакты өнүктүрүү боюнча кандай пландарды койгон? Жол салуу, өндүрүш ишканаларын же дагы башка объектилерди куруу каралса, сиз үчүн пайда-зыяны канчалык?
  4. Экологиялык абал: Жакын жерлерде абаны, айлананы булгаган булактар, объектилер жокпу? 
  5. Айлана-тегеректи байкаңыз: Жер тилкенин ар тарабынан карап, баалап чыгыңыз. Гараж, электр өткөрүүчү линиялар, кароосуз калган имараттар же көп кабаттуу үйлөр менен кошуна туруу жакшы эмес. 
  6. Бул аймактын кандай көйгөйлөрү бар экенин интернеттен изилдеп көрүңүз. Жергиликтүү  тургундар менен сүйлөшүңүз, алар көп нерсени айтып бере алышат. 

Жер тилкесине болгон менчик укугун аныктоочу документ мамлекеттик акт деп аталат. Мукабасы кызыл болгон үчүн аны эл ичинде “кызыл китеп” деп коюшат. 

 Негизи үй салынган жердин документи “кызыл китеп” болушу кажет. Бирок кээде китеби “жашыл” же “көк” болгон жерлерге да үй курушат. 

  • “Кызыл китеп” – бул жер тилкесине болгон менчик укугу. Мамлекеттик акт. 
  • “Жашыл китеп” – бул жер тилкесин 5 жылдан 49 жылга чейинки аралыкта колдонуу жана ага ээлик кылуу укугу. Бул да мамлекеттик акт, бирок аталышы бир аз башка – “жер тилкесин ээлөө укугуна” деп белгиленет. 
  • “Көк китеп” – айыл чарба жерлерин колдонуу жана ага ээлик кылуу укугу. Мындай тилкелерге үй курууга тыюу салынган. 

Мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн жердин аянтына үй ээси айтып жаткан аянт дал келерин текшериңиз. Сизге “жер 8 сотых” деп сатып жатышканы менен, анын жарымы эле документтештирилген болушу ыктымал. 

  1. Мамкаттоодон көчүрмө кагаз:
  • “Түндүк” системасы аркылуу жер тилкеге болгон укуктун жана анын таржымалын көрсөткөн көчүрмө алыңыз. Ар бир документтин баасы 152 сом турат. 

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктун көчүрмөсү

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын тарыхы

Бул документтер кожоюндун аты-жөнүн, жерге чектөө коюлуп-коюлбаганын көрсөтүп берет. Кожоюндары канча аралыкта алмашканын изилдеңиз, жер улам эле колдон-колго өтүп жатса, анда көйгөй болушу ыктымал. 

  1. Укукту аныктаган документтер:
  • Сатуучу жерге кандайча ээлик кылып калганын тактаңыз: сатып алганбы, белекке же мураска алганбы? Тийиштүү документти көрсөтүшүн талап кылыңыз.
  • Жерге мурда ким ээлик кылган, мурдагы ээлеринин саны канча, аларда юридикалык жактан көйгөйлөр болгон эмеспи? Азыркы кожоюнунда мыйзам менен маселе жокпу, анын ичинде психоневрологиялык жана наркологиялык мекемелерде каттоодо турбайбы?
  • Жер ээси ушул тапта жубайы менен ажырашып жаткан жокпу же жакында эле ажырашпадыбы? Бул жагдай мүлктү сатуу укугуна таасир этет. Айрыкча жерди жубайлар чогуу алган болуп, алардын бири экинчисинин макулдугу жок сатып жаткан болсо, алдыда сизди чоң көйгөйлөр күтөт. 
  • Көзү өтүп кеткен мурдагы кожоюндар, жерге ээлик кылууга талапкер болушу ыктымал мураскерлер тууралуу да тактап койгон жакшы. Керээз кат менен жер бир мураскерге өтсө, экинчиси бул боюнча сотко кайрылышы мүмкүн. 
  • Эгерде жерге ээлик кылгандардын катарында жашы жете электер болсо, сатууга мыйзамдуу уруксат алынганын тактаңыз. Камкорчу тийиштүү органдын уруксатын албай туруп, камкордугундагы баланын мүлкүн сата албайт. 

Баабашы макулдашуусунда төмөндөгүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Баабашынын суммасы, адатта ал жердин баасынын он пайызынан ашпайт. 
  • Жердин толук баасы. 
  • Толук эсептешүү кайсы күнү болору. 
  • Бардык суммалар сомдо көрсөтүлүшү керек, болбосо сатуу-сатып алуу иши жараксыз деп табылышы мүмкүн. 

Көңүл буруңуз:

  • Баабашы тууралуу макулдашууну нотариустан өткөрүүнүн кажети жок. 
  • Макулдашуу түзүлмөйүнчө баабашын бербеңиз. Анткени баабашын алып, жоголуп кетмей – алдамчылар көп колдонгон амал. 
  • Баабашын бергенден кийин сиз жерди сатып алуудан баш тартсаңыз, анда баабашына делген акча сатуучуда калат. Эгер сатуучу баабашын алган соң, жерин сатпайм деп чыкса, анда ал алган акчасын эки эселеп бериши керек. 

Нотариуста жерди сатуу-сатып алуу келишимин түзөсүздөр. Бардык тараптар, алардын ичинде жубайлар да жеке катышып, кол коюлгандан кийин гана акчаны бересиз. 

Керектүү документтер :

  • Бардык тараптардын паспорттору. 
  • Жер ээсинин жубайынын мүлктү сатууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу. 

Келишимде төмөндөгүлөрдү текшериңиз: 

  • Жердин так мүнөздөмөлөрүн. 
  • Жердин дарегин жана кадастрдык номурун. 
  • Жердин аянты.
  • Жердин баасы канча, төлөө шарттары кандай экенин. 
  • Тараптардын аты-жөнүн, жеке номурларын (ИНН).

Жерге ээлик кылуу укугун мамкаттоодон өзүңүзгө өткөргөндөн кийин гана толук эсептешиңиз. Же коопсуздук үчүн нотариустун эсебин, болбосо аккредитив же эскроу-эсеп деген сыяктуу банктык кепилдиктерди колдонсоңуз болот.

Аккредитив жана эскроу-эсеп — бул сатуу-сатып алуу иштеринде кепилдикти камсыздаган каржылык инструменттер. Аккредитив сатып алуучуга иштин шарттары так аткарылган учурда төлөм жасаларын кепилдейт. Эскроу-эсеп акчаны же мүлктү эсеп-кысап бүткөнчө нейтралдуу тарапта сактап турат. Экөө тең сатуучу үчүн да ,сатып алуучу үчүн тобокелдиктерди минималдаштырат. 

  • Мамкаттоодон жерге болгон менчик укугу сизге өткөнүн каттоодон өткөрүңүз. 
  • Менчик укугу тууралуу күбөлүктү өз атыңызга алыңыз.




    Окшош суроолор