Баланын атасы (апасы) алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса, аны ата-энелик укуктан ажыратуу арызы менен сотко кайрылса болот. Эсиңизде болсун: ата-энелик укуктан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен, анын ичинде алименттен бошотпойт.
Алимент кыянаттык менен төлөнбөй жатканы кантип аныкталат?
Алимент төмөндөгү учурларда кыянтаттык менен төлөнбөй жатат деп эсептелинет:
- Ай сайын төлөм жүргүзүү милдетин аныкталган учурда үч же андан көп ай бою алиментти төлөбөсө.
- Жыл ичинде жалпысынан үч айдан ашык алиментти төлөбөсө.
- Макулдашууда маал-маалы менен алимент төлөө аныкталып, бирок ошол шарт сакталбай, үч же андан көп жолу алиментти төлөбөй койгондо.
- Кирешелерин, мал-мүлкүн, иштеген жерин атайылап жашырганда же жалган маалыматтарды бергенде (мисалы, иши же кирешеси өзгөргөнү тууралуу сот аткаруучуга маалымат бербей койгондо).
Ата-энелик укуктан ажыратууга негиз болуп берчү бардык документтерди жана далилдерди чогултуңуз. Мисалы:
- Алимент боюнча карыз тууралуу маалымкат.
- Укук коргоо органдарынан алимент төлөөдөн качканына байланыштуу жоокепчирликке тартылганы тууралуу документтер.
- Эгер баланын өлкөдөн сыртка чыгышына тоскоолдук жаратса, анда муну далилдөөчү материалдар.
- Жүрүм-турумун мүнөздөөчү башка документтер, айталы, наркологиядан маалымкат, камкорчулук мекемесинин актысы ж.б.
Доо арызды доогердин (өзүңүздүн) же жоопкердин (алимент төлөбөй жаткан атанын/апанын) жашаган жери боюнча сотко берсе болот.
Доо арызда төмөндөгүлөрдү көрсөтүңүз:
-
- Соттун толук аталышын.
- Доогер менен жоопкердин жеке маалыматтарын.
- Ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн негиздердин толук баянын.
- Тиркелген документтердин тизмесин.
- Соттук териштирүүгө прокурор, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мекеменин өкүлдөрү катышат.
- Сот берилген далилдерди баалап, баланын кызыкчылыктарын башкы орунга коюу менен чечим кабыл алат.
- Сот доону негиздүү деп чечсе, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу чечимин чыгарат.
- Чечим ЗАГС органдарына жиберилип, алар жарандык абалдын актыларына өзгөртүүлөрдү киргизет.
- Соттук чечимдин үстүнөн аппеляциялык тартипте 30 күн ичинде даттанса болот.
- Ата-энелик укуктан ажыратылган жаран балага карата бардык укуктарын жоготот, анын ичинде баланын жашоосуна, тарбиясына катыша албайт.
- Ата-энелер үчун каралган жеңилдик, жөлөк пул алуу укукгунан да ажырайт.
- Баласынан кийин мурас ала албайт.