Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кардар дүкөндөгү товарды сындырып алса төлөп бериши керекпи?

ID2297
Көрүүлөр: 81
Актуалдуу: 15-11-2024
QR Code

Дүкөндө кокустан, айталы, кымбат ичимдикти же идиш-аякты сындырып алдыңыз дейли. Сиз зыяндын ордун толтуруп, акча төлөп берүүгө милдеттүүсүзбү? Адатта милдеттүү болбойсуз, бирок көңүл бура турчу бир топ жагдайлар бар. 

Акчасы төлөнгөнгө чейин товар дүкөндүн/сатуучунун менчиги бойдон кала берет. Товарды кол жетчү жерге жайгаштыруунун өзүндө капыстан сындырып алуу сыяктуу тобокелдик бар. Ошол тобокелдиктер мыйзам боюнча дүкөн ээсинин мойнунда болот. Муну Жарандык кодекстин 222-беренеси ырастайт. 

КРнын Жарандык кодексинин 222-беренеси

  1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси ага таандык мүлктү күтүү милдетин алат жана мындай милдетти бир тараптуу тартипте үчүнчү адамга жүктөй албайт.
  2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси мүлктүн кокусунан жок болушунун же кокусунан бузулушунун тобокелин өзүнө алат.

Демек, кардар капыстан келтирген зыяны үчүн жоопко тартылбайт, зыянды төлөп берүү милдетин албайт. Сатуучу кардар товарды атайылап сындырды/бузду деп эсептесе, анда маселени сот аркылуу гана чече алат. 

  1. Тар өтмөктөр: Эгерде сиз текчелердин ортосундагы тар жерден өтөм деп жатып товарды түшүрүп алсаңыз, жоопкерчилик сизде эмес. 
  2. Товарлардын начар жайгаштырылышы: Дүкөн кызматкерлери товарды оңой жеткидей, кардарлардын кыймылына тоскоол жаратпагыдай кылып тизиши керек. Мисалы, тар өтмөктөргө сына турган товарлар тизилген болсо, аны сындырып алуу тобокелдиги жогору. Бул үчүн да кардар жооптуу эмес. 
  3. Тайгак пол: Эгерде дүкөндө пол суу болуп, анысы тийиштүү белги менен белгиленбесе, товарга зыян келтирүү тобокелдиги жаралат. Мындайда кардар жоопкерчиликтен бошотулуп эле тим болбой, эгер бир жерин кокустатып алса, компенсация талап кылууга да укуктуу. 

Мисалы, аларман атайылап кымбат суусундукту ачып, ичип салды же текчелерди талкалады дейли. Мындай учурда ал келтирилген зыянды толук түрдө төлөп берүүгө милдеттүү жана жагдайга жараша жазага тартылат. 

Товарга атайылап зыян келтирилгенин далилдөө сатуучунун мойнунда. Айта кетели, видео же башка бир далили бар күндө да, сатуучу кардардан мажбур түрдө акча өндүрө албайт. Маселе сотто гана чечилиши мүмкүн. 

Атайылап деген түшүнүккө ниет гана эмес, кадыресе жүрүм-турумдан сырткары аракеттер кирет. Мисалы, ой келди чуркоо же секирүү, арабаны же себетти шалаакылык менен колдонуу, товарларды ары-бери ыргытуу. 

Эгер сизди турган жериңизден эле акча төлөтүүгө мажбурлап же дүкөндөн чыгарбай жатышса, бул аракеттердин баары мыйзамсыз. Кардарды мыйзамсыз кармап туруу кылмыш деп саналат.

Эгерде сизге копол мамиле жасап же күч колдонушса, милицияга же антимонополиялык мекемеге арыз бере аласыз.

Зыянды төлө деп жатышса, төмөндөгү кеңештерге көңүл буруңуз: 

  1. Даттануу китепчесин сураңыз да, болгон окуянын чоо-жайын убак-сааты менен кошо так жазыңыз. 
  2. Кошумча кеп-кеңеш алып же арыз бериш үчүн антимонополиялык кызматка чалыңыз: 0 (312) 56-31-97.
  3. Дүкөндүн жетекчилиги менен гана сүйлөшүңүз. 
  4. Товарды зыянга учуратуу тууралуу акты түзүлүшүн талап кылыңыз. Анда бардык фактылар, чыгымдын баасы жазылышы керек. 
  5. Даттануу китепчеси менен актыны сүрөткө тартып алыңыз. 
  6. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, дүкөндөгү окуяны баштан-аяк видеого тартыңыз. Кийин сотто видеоматериалдар далил болуп бериши мүмкүн. 

 




    Окшош суроолор