Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Мурдагы жубайым бала менен баарлашууга тоскоолдук жаратууда. Эмне кылса болот?

ID2139
Көрүүлөр: 82
Актуалдуу: 06-08-2024
QR Code

Бала менен чогуу жашабаган атасы (апасы) бала менен сүйлөшүүгө, анын тарбиясына, билим алышына катышууга укуктуу. Ошондой эле окуу жайдан, медициналык, социалдык же дагы башка мекемеден бала тууралуу маалыматтарды ала алат. Бала менен жашаган апасы (атасы) бул ишке тоскоолдук жаратпашы керек. 

Эгерде тоскоолдуктар бар болсо эмне кылуу керек? 

Мурдагы жубайыңыз менен сүйлөшүп, сиз менен көрүшүп-баарлашып туруу бала үчүн маанилүү экенин түшүндүрүңүз. 

Мурдагы жубайыңыз менен бир пикирге келсеңиздер, бала менен сиз кайсы күнү кайсы убакта көрүшө аларыңыз, дагы башка шарттар тууралуу кагаз жүзүндө макулдашуу түзүңүздөр. 

Эгерде бир пикирге келе албасаңыздар, мурдагы жубайыңыздын жашаган жери боюнча сотко тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө доо арызы менен кайрылыңыз. Сот маселени балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын катышуусунда карайт. Сот чечим чыгарат. Эгер бала 10 жашка чыккан болсо, анын пикирин эске алат. 

Сот сиздин пайдаңызга чечим чыгарса, анда буга чейин тоскоолдук жаратып келген мурдагы жубайыңыз ошол чечимди аткарууга милдеттүү.

Чечимди аткарбай жатса, сотко кайрылыңыз, ал чара көрөт.

Эгерде бул аракеттер да эч натжыйжа бербей жатса, сот баланын кызыкчылыктарын эске алуу менен аны сиздин карооңузга өткөрүп бериши ыктымал.




    Окшош суроолор