Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Камкорчулук кантип таризделет?

ID1783
Көрүүлөр: 115
Актуалдуу: 27-06-2024
QR Code

Камкорчулук — бул укуктарын жана кызыкчылыктарын өз алдынча коргой албаган адамдарды коргоо үчүн каралган юридикалык механизм. Ал төмөнкүдөй учурларда белгиленет:

  • Жашы жете элек балдар үчүн: Ата-эненин камкордугусуз калган учурда: ата-эне көз жумса, ата-эне ата-энелик укуктарынан ажыратылганда, ата-эненин ден соолугу балдарды баууга мүмкүнчүлүк бербей жатса. 
  • Чоң адамдар үчүн: Толук же жарым-жартылай жөндөмсүз деп таанылган чоң адамдар үчүн: психикалык бузулуу, олуттуу оору же жаракаттын кесепетинде иштерин өз алдынча башкарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда.

Мындай чара камкордукка алынгандардын мүлкүн башкаруу, аларга күнүмдүк турмушта жардам көрсөтүү үчүн керек; алардын укуктарын жана бакубаттыгын мыйзам аркылуу коргойт. 



Камкорчулук жана асырап алуу — эки башка юридикалык процедура, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү бар. 

Камкорчулук — бул жашы жете элек баланы же өзүнө-өзү кам көрө албаган чоң кишини камкордукка алуу боюнча юридикалык жоопкерчилик. 

Камкорчулук убактылуу белгиленет, мисалы, бала 18ге толгонго чейин. Камкорчу ата-энелик укукка ээ эмес, ал болгону баланын (же чоң адамдын) күнүмдүк жашоосундагы жагдайларды, мүлкүн башкарат. Муну мамлекеттик органдар аныктайт, көзөмөлдөйт, ошондой эле сот аркылуу камкорчулуктун шарттарын өзгөртүп же жокко чыгара алат. 

Ал эми баланы асырап алуучулар толук кандуу ата-энелик укуктарга ээ болушат. Асыралып алынган бала биологиялык баладай эле макамга, укуктарга ээ. Асырап алуу камкорчулуктагыдай белгилүү бир убакытка аныкталбайт. Баланын документинде ата-энеси деп асырап алуучулар көрсөтүлүшү мүмкүн. 

Камкорчу – жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү адам. Камкорчуну танадаганда бир катар жагдайлар эске алынат. Айталы, камкорчулукка талапкердин адамдык сапаттары, милдеттерин аткарууга жөндөмдүүлүгү, үй-бүлөдөгү мамиле маанилүү. Мүмкүн болгон  учурда баланын каалоосу эске алынат. Камкорчу менен баланын ортосундагы жаш айырмачылыгы 16 жылдан кем болбошу шарт. 

Төмөндөгү шарттарда жаран камкорчу боло албайт: 

  • Кумар оюндарына көз каранды болгон адамдар же сот тарабынан жөндөмдүүлүгү чектелген адамдар;
  • Буга чейин камкорчулук милдеттеринен четтетилген адамдар; 
  • Ата-энелик укуктары чектелген же ата-энелик укуктарынан ажыратылган адамдар;
  • Асырап алуунун жокко чыгарылышына күнөөлүү болгон мурунку асырап алуучулар;
  • Саламаттыгына байланыштуу бала тарбиялоо милдеттерин аткара албаган адамдар;
  • Соттолгондугу алынбаган же өчүрүлбөгөн адамдар.

Сиз камкорчу болууну чечтиңиз. Келиңиз, камкорчулукту тариздөөнүн жол-жобосун карап чыгалы.

1) паспорттун көчүрмөсү (же ким экендигин ырастаган башка документ);

2) нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгер никеде турушса);

3) жубайынын камкорчулукка нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турушса);

4) жашаган жеринен үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

5) соттуулугу жоктугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;

6) үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен кызмат орду жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик иштен түшкөн кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, дыйкан чарба менчигинде жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экени жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалымкаты);

7) камкорчу болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;

8) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

9) арыз ээсинин толук өмүр баяны.

Чет элдиктер жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандык жарандар үчүн кошумча шарттар:

Башка өлкөлөрдүн жарандары же Кыргызстандан тышкары жакта туруктуу жашаган КР жарандары өз өлкөсүнүн/азыркы жашап жаткан өлкөсүнүн компетенттүү органынын камкорчу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусун бериши керек. Бул корутунду аларды камкорчу болууга талапкерлердин тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналат.

Документтерди тапшыргандан кийин, соцкамсыздоо адистери 20 күндүн ичинде жашоо шарттыңызды текшерет. Бул сиздин камкорчу болууга канчалык ылайыктуу экениңизди баалоо үчүн зарыл. Текшерүү жыйынтыгы боюнча корутунду түзүлөт.

Эгер арыз берүүчү талаптарга жооп бербесе, социалдык камсыздоо бөлүмү терс корутунду чыгарып, каттоодон баш тартат. Мындай корутунду кол коюлгандан кийин беш күндүн ичинде колго же почта аркылуу берилет. Арыз берүүчүгө бардык документтер кайтарылып берилет жана чечимдин үстүнөн даттануу тартиби түшүндүрүлөт.

Оң чечим чыкса, сиз камкорчулукка таалапкер катары катоого алынасыз. 

Эгер сиз Кыргыз Республикасынын жараны болсоңуз жана анын чегинен тышкары туруктуу жашасаңыз, же сиз чет өлкөлүк жаран болсоңуз, жашаган өлкөнүн компетенттүү органынын корутундусу да сизди талапкер катары каттоо үчүн негиз болуп саналат. 

Жакын туугандар, анын ичинде чоң эне-чоң ата, таята-таене, ата-энелер, жубайлар, жашы жеткен балдар, неберелер жана бир туугандар башка өлкөнүн жараны болгон күндө да камкорчу болууга артыкчылык укугуна ээ

Жашы жете элек балдар менен туугандык мамиледе туруп, аларга камкорчу болууну каалаган адамдар, ошондой эле жөндөмдүүлүгү чектелген чоңдордун камкорчусу болууну каалаган тууган адамдар талапкер катары катталбай эле, дароо кийинки баскычтарга өтө берет. 

Камкорчулукка талапкер катары ийгиликтүү катталган соң, сиз соцкамсыздоо мекемесинен же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан камкордукка муктаж, жашы жете элек балдар жөнүндө маалымат аласыз.

Бала менен жеке таанышыш үчүн сизге багыттама берилет. 

Багыттама берилген күндөн тартып 30 күн бою жарактуу. Бул аралыкта сиз балага барып, аны менен таанышасыз. Сапарыңыздын жыйынтыгын, кандай чечим кабыл алганыңызды кагазга түшүрүп, багытамма берген органга тапшырасыз. 

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (соцкамсыздоо бөлүмү же атайын комиссия) тийиштүү документтердин баарын сотко берет. Сот ишти бир айдын ичинде карайт. Ким камкорчу болорун аныктайт жана алардын ыйгарым укуктарын, камкорчулуктун мөөнөтүн белгилеши мүмкүн. 

Эгерде сизди соттун чечими канааттандырбаса, анда аппеляциялык тартипте чечимдин үстүнөн даттана аласыз. 

Мүлктүк укуктар жана милдеттер: Камкорчулар өз камкордугундагы баланын (чоң адамдын) мүлкүнө, анын ичинде алиментке, пенияга, дагы башка социалдык төлөмдөргө ээлик кылууга укуксуз. Камкорчу камкордугундагы адамдын макулдугу менен гана анын мүлкүн пайдалана алат. 

Камкорчулардын мүлкүн башкаруу: Соцкамсыздоо бөлүмү камкордукка берилген баланын (чоң адамдын) мүлкүнүн тизмесин түзөт, ал бардык активдерди жана документтерди камтыйт. Камкорчулар камкордугундагы адамдын мүлкүн жоопкерчилик менен башкарууга, сактоого жана мыйзамга ылайык камкорчулардын кызыкчылыгы үчүн гана колдонууга милдеттүү. 

Камкорчулар үчүн чектөөлөр: Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн уруксатысыз камкорчулардын мүлкүн сатып же дагы башка иштерди жасоого тыюу салынат. 

Көңүл буруңуз! Камкорчу өз милдеттерин акысыз аткарат. 

Эгер жашаган жери өзгөрсө, камкорчу социалдык камсыздоо мекемесине кабар бериши керек. 

Соцкамсыздоо адистери камкорчунун жашоо-шартын бир жылда кеминде бир жолу текшерет. Текшерүүгө мектептин соцпедагогу да тартылат. 

Камкорчулар өз камкордугундагы баланын (чоң адамдын) мүлкүн башкаруу боюнча отчетту ар жылы 15-февралга чейин соцкамсыздоо мекемесине тапшырышы керек. 

Камкорчулар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, алар чыгымдарды ордуна келтирүүгө милдеттүү. 




    Окшош суроолор