Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Бала асырап алуунун жол-жобосу кандай?

ID1792
Көрүүлөр: 109
Актуалдуу: 28-06-2024
QR Code

Бала асырап алуучуларга кандай талаптар бар? Кайсы документтерди чогултуп, кайда кайрылыш керек? Ушул жана башка суроолорго жооп берели. 

Кыргыз Республикасынын жарандары бала асырап алууга талапкер боло алат. Алар Кыргызстандын аймагында же чет жакта жашайбы – айырмасы жок. 

Чет элдик жарандар да ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алса болот. Бирок алар үчүн шарт бар: чет элдиктер баланы багып алууга КРдин жарандарынан адам табылбай калган учурда гана укук алышат. 

Жалпы шарттар: Талапкердин жашы жеткен болушу керек, эркек же аял деп жыныс боюнча чектөө жок. 

Асырап алуучу менен баланын ортосундагы жаш айырмачылык:

Асырап алуучунун курагы адатта 60 жаштан ашпашы керек. Бирок баланын ата-энеси каза болуп, дайынсыз жоголуп же ата-энелик укуктарынан ажыратылган шартта баланы жакын туугандары (камкорчусу) жарым жылдан бери тарбиялап келсе, анда жашы 60тан ашкан адамдарга өзгөчө учурда уруксат берилет. 

Асырап алуучунун никеси жок болсо, анда бала менен жаш айырмасы 16 жаштан кем болбошу керек. Сот өзгөчө учурларда бул айырманы азайтууга уруксат бере алат. Эгер өгөй ата же өгөй эне баланы асырап алганы жатса, жаш курак боюнча бул талап колдонулбайт. 

  • Сот тарабынан жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адамдар.
  • Жубайлардын бирөөсү эле сот тарабынан жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда да бала асыроого уруксат жок. 
  • Ата-энелик укуктарынан ажыратылган же чектелген адамдар. 
  • Милдеттерин туура аткарбагандыгы үчүн камкорчулуктан четтетилген адамдар. 
  • Бала асырап алып, бирок талаптарды бузган үчүн бул укугунан ажыратылгандар. 
  • Ден соолугу ата-энелик милдеттерди аткарууга мүмкүнчүлүк бербеген адамдар.  
  • Баланы минималдуу жашоо деңгээли менен камсыз кыла албай турган адамдар. 
  • Туруктуу жашаган жери жоктор же турак-жайы санитардык нормаларга жооп бербеген адамдар. 
  • Адамдын өмүрүнө же ден соолугуна каршы кылмыш жасаган адамдар. 
  • Оор кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган адамдар. 
  • Ата-энеси каза болгондо;
  • Ата-энеси баланы асырап алууга жазуу жүзүндө макулдук берген учурда;
  • Ата-энеси ата-энелик укугунан ажыратылып, бул укугу кайра калыбына келтирилбеген шартта;
  • Ата-энеси сот тарабынан өлгөн, дайынсыз жоголгон же жөндөмсүз деп табылганда;

Жаш курагы 10дон өткөн балдарды алардын макулдугу менен гана асырап алса болот. 

Асыроого берерде баланын этникалык таандыктыгы, диний жана маданий өзгөчөлүктөрү, ошондой эле өз эне тили эске алынат. 

Бир туугандарды өзүнчө асырап алууга болбойт. Бирок балдар бир туугандарын билбесе, бирге жашабаса, өз-өзүнчө асырап алууга уруксат берилет.  

Асырап алууга арыз берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди даярдаш керек: 

  •  Асырап алуучу болууга мүмкүндүгү бар деген корутундуну алыш үчүн арыз;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  •  Никелешүү күбөлүгү (эгерде баланы жубайлар асырап алганы жатса);
  • Жашаган жери жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
  • Иштеген жеринен маалымкат, анда ээлеген кызматы жана айлыгы тууралуу да айтылыш керек;
  •  Медициналык корутунду: Дени сактыгын, анын ичинде баңгизатка, алкоголго көз карандылыгы жоктугун, психикалык жактан оорубай турганын тастыкташы керек. 
  • Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө.
  • ВИЧ-инфекциясы бар адамдар үчүн медициналык корутунду: Талапкер туруктуу медициналык көзөмөлдө экенин, антивирус терапиясын алып жатканын тастыкташы керек. 
  • Арыз берүүчүлөрдүн өмүр баяны. 

Бул документтер берилген күндөн тартып бир жыл бою жарактуу. 

“Түндүк” системасы аркылуу арыз берүүчү жөнүндө кошумча маалыматтар суралат:

  • Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жөнүндө;
  • Бирдиктүү салык декларациясы жөнүндө, патенттин негизинде ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө;
  • Турак жайга менчик укугу жөнүндө;
  • Жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө;
  • Малы бар экендиги жөнүндө;
  • Соттуулугу жок экендиги жөнүндө.



Баланы асыроого берүү чечими сот тарабынан кабыл алынат. Бирок сотко чейин бүткөрчү жумуштар бар. Адегенде сиз асырап алууга талапкер катары кезекке кошулушуңуз керек. 

Талап кылынган бардык документтерди алып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жергиликтүү башкармалыгына кайрылыңыз. 

Арызды онлайн түрүндө “Түндүк” системасы аркылуу же асырап алуу порталы аркылуу да тапшыра аласыз. 

Соцкамсыздоо башкармалыгы сиздин документтериңизди карайт. Ал жактагы адистер жашоо-шарттарыңызды баалоо үчүн үйүңүзгө барышат жана текшерүү актысын түзүшөт.

Арыз түшкөндөн тарта 20 жумуш күндүн ичинде соцкамсыздоо башкармалыгы кайрылган адам бала асырап алууга талапкер боло алат же болбойт деген корутундуну даярдайт. Корутунду оң болсо, талапкерди катоого алат.  

Соцкамсыздоо башкармалыгынын адистери сизге балдардын анкеталарын сунуштайт, анда балдардын жашы, улуту жана ден соолугу кандай экени көрсөтүлөт. 

Сиздин укуктарыңыз: 

  • Баланын документтери менен таанышуу. 
  • Бала жөнүндө толук маалымат алуу.
  • Баланы көз карандысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүү. 

Сиз анкеталарды карап чыгып, баланы тандайсыз. Адистер бала менен жолугушуу үчүн багыттама даярдап беришет, ал 30 күн бою жарактуу болот. Бул аралыкта сиз тандаган бала башка талапкерлер менен жолукпайт. 

Сиздин милдеттериңиз:

  • Бала менен байланыш түзүү үчүн жеке жолугушуу. 
  • Баланын ден соолугу боюнча медициналык корутунду менен тааныштым деп кол коюп берүү. 

Чечим: 

Эгерде сиз терс чечим кабыл алсаңыз, аймактык бөлүм баланын анкетасын башка потенциалдуу асырап алуучуларга сунуштайт. 

Эгерде асырап алынуучу бала 10 жашка жеткен болсо, аймактык бөлүмдүн кызматкеринин катышуусунда асырап алууга анын жазуу жүзүндөгү макулдугу керек. Эгер бала макулдугун бербесе, анда терс корутунду чыгат. Азыр берүүчүгө документтери кайтарылат. Бирок талапкерде бул чечимдин үстүнөн даттануу укугу бар, бул тууралуу адистер кенен түшүндүрүп берет.  

Эгер баары туура келип, оң корутунду чыкса, анда баланы асырап алуу боюнча сот иши башталат. 

Эгер сиз баланы асырап алууну чечсеңиз, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкери зарыл документтерди жана асырап алуу боюнча корутунду даярдайт. 

Колуңузга төмөндөгү документтер берилет:

  • Баланы асырап алуу жөнүндө корутунду. 
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу каттоо маалыматы. 
  • Адистердин текшерүүлөрүнүн негизинде баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду. 
  • Баланын мүлкү жөнүндө маалымат, анын ичинде анын жайгашкан жери, сакталышы чаралары жана банк эсептери жөнүндө маалымат. 
  • Бала ата-энесинин камкордугусуз калгандыгын тастыктаган документтер, мисалы, бала ташталгандыгы жөнүндө акт же ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө соттун чечими. 
  • Эгерде асырап алынуучу бала 10 жаштан жогору болсо, анын асырап алууга жазуу жүзүндөгү макулдугу.

Сиз бала жашаган жер боюнча сотко арыз берип, ага бардык документтерди тиркеңиз. 

 Эгерде сот оң чечим чыгарса, сиз баланы балдар мекемесинен алып кетесиз. Эгерде чечим сиздин пайдаңызга чечилбесе, анын үстүнөн апелляциялык тартипте даттанууга укуктуусуз.

 Адатта асырап алынган баланын аты, атасынын аты жана фамилиясы өзгөрүүсүз калат. Эгерде асырап алуучу кааласа, асырап алынган балага өз фамилиясын ыйгарылышы мүмкүн. 

Эгерде асырап алуучу эркек болсо, баланын атасынын аты анын аты боюнча түзүлөт; эгерде асырап алуучу аял болсо, баланын документинде ошол аялдын атасынын аты көрсөтүлөт. 

Ар башка фамилиядагы жубайлар өз ара макулдашып, балага экөөнүн бирөөсүнүн фамилиясын беришет. 

 Эгерде асырап алуучу никеде турбаса, ал асырап алынган баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнө кайсы аты-жөндү жазуу керектигин көрсөтө алат. 

10 жаштан жогору баланын фамилиясын, атын же атасынын атын өзгөртүү анын макулдугу менен гана жасалат. Бул өзгөрүүлөр асырап алуу жөнүндө соттун чечиминде катталат.

Бир жашка чыга элек балдардын гана туулган күнүн үч айлык аралыкка ары же бери өзгөртсө болот. Туулган жери катары башка жакты көрсөтүүгө уруксат берилет. Балдардын туулган күнүн же туулган жерин өзгөртүү боюнча маалыматтар соттун чечиминде катталат.

Асыралып алынган балдардын бардык укуктары биологиялык жактан өз баланыкындай эле болот. Мисалы, мурас алуу укугу ж.б. Баланын күбөлүгүндө ата-энеси катары асырап алуучулар көрсөтүлөбү же баланын мурдагы аты-жөнү документте сакталып калабы – айырмасы жок. Соттун чечими жетиштүү. 

Ошол эле учурда ал өзүнүн биологиялык ата-энеси жана ошол жактагы туугандарына карата бардык укук-милдеттерден бошотулат. 

Эгерде асырап алынган баланын биологиялык атасы де апасы каза болсо, ошол жактагы туугандардын каалоосу болсо, баланын кызыкчылыктарына дал келсе, маркум атасынын (апасынын) туугандарына карата укук-милдеттери сакталып калат. 

Асырап алынган бала өзүнүн биологиялык атасы же апасы каза болгондон кийин аларга тиешелүү пенсия жана башка жөлөк пулдарды алууга укуктуу.

 Балдарды асырап алуунун купуялуулугу мыйзам менен корголот. Асырап алуу процессине катышкан же бул жөнүндө маалыматы бар бардык кызмат адамдары бул маалыматты ачыкка чыгарбоого милдеттүү. Асырап алуучулардын макулдугусуз асырап алуунун купуялуулугун бузгандарга юридикалык жоопкерчилик бар. 




    Окшош суроолор