Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ажырашып жатканда баладан баш тартса болобу?

ID2145
Көрүүлөр: 77
Актуалдуу: 06-08-2024
QR Code

Ажырашып жатканда ата же эне ата-энелик укугунан баш тартуу тууралуу арызды жазып, бул арызды нотариус тарабынан күбөлөндүрсө болот. Бирок андан кийин баары бир сотко кайрылыш керек.

Ата-энелик укугунан өз ыктыяры менен баш тартуу тууралуу арыздын өзү жетиштүү эмес. Сот ата-энелик укуктан ажыратуу чечимин жетиштүү негиздер болгон учурда гана чыгарат.

Баса, ата-энелик укуктан баш тартуу арызында “сотко катышпайм, менсиз маселени чече бергиле” деп жазылган күндө да ал ата (апа) баары бир сотко чакыруу алат.

Эң маанилүүсү: ата-энелик укуктарынан ажыроо ата-энени алимент төлөөдөн бошотпой тургандыгын эстен чыгарбаш керек. Ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-эне бала 18 жашка чыкканга чейин алимент төлөөгө милдеттүү.




    Окшош суроолор