Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Аталыкты аныктап, алимент өндүрүш үчүн эмне кылыш керек?

ID798
Көрүүлөр: 99
Актуалдуу: 11-04-2024
QR Code

Эгерде эркек киши баланын атасы экенин моюндап жатса, анда эне-ата тийиштүү арыз менен ЗАГС органдарына кайрылат. 

Бул үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  •  ата-энесинин паспорттору;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Эгерде эркек киши баланын атасы экенин тан албай жатса, анда баланын энеси аталыкты аныктоо боюнча сотко кайрылышы керек. Аталыкты аныктоо жана алиментти өндүрүү боюнча доо арыз доогердин жашаган жери боюнча берилиши мүмкүн. 

Доо арыз берүү үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: 

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; 
  • баланын болжолдуу атасы менен болгон мамилесин тастыктаган документтер;
  • аталыкты тастыктаган башка далилдер (мисалы, жалпы сүрөттөр, кат алышуу).

Доо арыз берилген соң соттук угуу өтчү күн белгиленет, анда бардык далилдер каралат. Балким, туугандыкты ырастоо үчүн ДНК-тест дайындалат. 

Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 111-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ДНК-тесттин чыгымы тиешелүү өтүнүчтү билдирген тараптын эсебинен төлөнөт. Эгерде доо сот тарабынан канааттандырылса, сарпталган каражат жоопкерден өндүрүлүшү мүмкүн.

Аталыкты аныктагандан кийин алимент өндүрүүгө киришсеңиз болот.

Өз ара макулдашуу

Эгерде баланын атасы алимент төлөөгө макул болсо, анда ыктыярдуу келишим түзүп, аны нотариус аркылуу күбөлөндүрүш керек.    

Сот аркылуу алимент өндүрүү боюнча доо арыз берүү

Эгер тынчтык жолу менен макулдашууга жетүү мүмкүн болбосо, алимент алыш үчүн сотко доо арыз менен кайрылуу зарыл.  

Керектүү документтер:

  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • аталыкты тастыктаган документ (эгер аталык сот аркылуу аныкталган болсо);
  • (эгер бар болсо) соттолуучунун кирешесин далилдеген кагаздар. 

Доо арыз жоопкердин жашаган жери боюнча берилет.

Сот процесси

Сот ишти карап, тараптарды угат жана алименттин өлчөмүн аныктоо менен алимент өндүрүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Соттун чечимин аткаруу

Алимент өндүрүү боюнча соттун чечими менен сиз сот аткаруучулар кызматына кайрылышыңыз керек.

Мөөнөтү: аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылууну кечеңдетпеңиз. Процесс канчалык эрте башталса, бала ошончолук эртерээк колдоого ээ болот.

Далилдер: далилдерди чогултуу аталыкты аныктоодо жана алиментти өндүрүрүүдө негизги ролду ойнойт. Болжолдуу атасы менен болгон мамилеңиз жана анын баланын жашоосуна аралашып жүргөнү боюнча далилдерди мүмкүн болушунча көбүрөөк чогултуңуз. 

Юридикалык жардам: иштин сиздин пайдаңызга чечилишин камсыздаш үчүн үй-бүлөлүк укук боюнча адистешкен юристтен жардам сураганыңыз жакшы.

 




    Окшош суроолор