Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ата-эне миграцияга баратканда балдарына камкорчуну кантип дайындайт?

ID1772
Көрүүлөр: 94
Актуалдуу: 27-06-2024
QR Code

Көптөгөн ата-энелер чет өлкөгө жумушка кетүүгө аргасыз болуп, балдарын мекенинде калтырышат. Мындай учурларда балдардын үстүнөн камкорчуну дайындоо зарыл. Бул балдардын бакубаттыгын камсыздоо үчүн юридикалык талап болуп саналат. 

Баланы юридикалык коргоо: Дайындалган камкорчу балага кам көрүү, анын тарбиясы, билими, медициналык жардам алышы ж.б. боюнча чечим кабыл алуу үчүн мыйзамдуу укуктарга ээ болот. 

Социалдык туруктуулук: Камкорчу дайындалганда бала өзүн коопсуз, ишенимдүү сезет, анын кызыкчылыктары эске алынып жатканына ынанат. 

Юридикалык көйгөйлөрдөн качуу: Өзгөчө кырдаал же медициналык маселелер жаралган учурда расмий дайындалган камкорчу шашылыш чечимдерди кабыл ала алат, юридикалык тоскоолдуктар жаралбайт. 

Ата-энелердин биргелешкен арызы: Ата-энелер жергиликтүү социалдык камсыздоо органына камкорчуну дайындоо жөнүндө биргелешкен арыз беришет. Анда камкорчу болуп дайындалчу жарандын маалыматтарын, канча мөөнөткө камкорчу болорун, анын ыйгарым укуктарын көрсөтүшөт. 

Сот чечими: Социалдык камсыздоо мекемеси камкорчуну дайындоо жөнүндө сотко кайрылат. Соттун актысы чыгат. 

Убактылуу камкордукка алуу: Эгерде ата-энелер алты айдан кем убакытка кетип жатышса, социалдык камсыздоо мекемеси ата-энелердин макулдугу же алардын биргелешкен арызы боюнча убактылуу камкорчуну дайындай алат.

  1. Арыз.
  2. Паспорттун көчүрмөсү.
  3. Нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  4. Жубайлардын бирөөсү четте болсо, анда анын камкордукка макулдугу керек, документ нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу шарт. 
  5. Үй-бүлө курамы тууралуу жашаган жеринен маалымкат.
  6. Милициядан камкорчу болчу жарандын соттуулугунун жоктугу, алынышы, жоюлушу тууралуу маалымкат. 
  7. Камкорчунун иштеген жеринен маалымакат, анда кызмат орду жана айлык-акысы көрсөтүлүшү керек. Эгер ишкер болсо, андан түшкөн кирешеси тууралуу маалымат. 
  8. Камкорчу болууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу тууралуу медициналык корутунду.
  9. Жумуш ордунан же жашаган жеринен мүнөздөмө.
  10. Өмүр баян.

Ата-энелер балдарына камкорчу дайындабай, чет өлкөгө чыгып кетсе, социалдык камсыздоо бөлүмү баланын кызыкчылыктарын коргоо үчүн убактылуу камкорчуну өз алдынча дайындоого укуктуу. Бул чара баланын бакубат жашоосуна, ыктыярдуу тобокелдиктердин алдын алууга багытталган. 

Чет жакка убактылуу чыгып бараткан ата-энелер балдарына камкорчуну расмий дайындап кетиши керек. Бул баланын укуктарын, бакубаттыгын камсыздайт. Балага байланыштуу кээ бир иштер, айталы, шашылыш операция, ата-эненин колусуз бүтпөй калышы мүмкүн. Эгер камкорчу расмий дайындалса, анда ал ата-эненин атынан аракеттенүүгө укуктуу болот. Демек, миграцияга кетерден мурда ата-эне биринчи кезекте жасачу жумуш – бул балдарына камкорчуну дайындоо. 




    Окшош суроолор