Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Баланы кантип майыптыкка чыгарса болот?

ID545
Көрүүлөр: 119
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Бала чоң кишилердин кошумча кароосуна, ошондой эле окутуунун жана өнүктүрүүнүн атайын ыкмаларына муктаж болгон учурда майып деп саналат. Баланын муктаждыктарын аныктоого бир катар адистер: дарыгерлер, мугалимдер, психологдор жана соцкызматкерлер катышат.

Балдарды майыптыкка чыгаруу чоң кишилирден айырмаланат, балдарда 1-2- же 3-топтогу майып деген түшүнүк болбойт, майыптыктын себеби да аныкталбайт. Майыптык макамынын мөөнөтү төмөнкүдөй болушу мүмкүн: 

  • 1-2 жыл,
  • 5 жылга чейин,
  • 18 жашка чейин.

Тиричилик аракетинин орточо даражадагы чектелиши менен “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” категориясы кыска мөөнөткө (1-2 жыл) белгиленет. Реабилитациялоо оң натыйжа бербесе же баланын ден соолугу начарласа мөөнөтүнөн мурда күбөлөндүрүүгө болот. 

5 жылга чейинки мөөнөткө белгиленген категория да даана анатомикалык кемчиликтер жана оорулар, жакшы эмес клиникалык-социалдык божомолдор менен коштолушу мүмкүн. Баланын ден соолугу начарласа, реабилитация оң натыйжа бербесе, мөөнөтүнөн мурда күбөлөндүрүүгө болот.

Жашоо жөндөмдүүлүгү чектелгени кескин байкалган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү бала категориясы 18 жашка толгонго чейин белгиленет. 18 жашка чейин майыптуулук бир учурда туруктуу жана кайтарымсыз өзгөрүүлөрдө жана органдардын функциялары жана дене системалары бузулганда жана дарылоо жана реабилитациялоо жетишсиздигинде балдарга белгиленет.

Көңүл буруңуз! Баланын жашоо ишмердүүлүгү туруктуу негизде чектелгени талашсыз болгондон башка учурларда 4 айдан кем эмес убакыт аралыгында комплекстүү дарылоодон өткөндөн кийин гана “мүмкүнчүлүгү чектелүү бала” деген статус коштомо категориясы менен аныкталат. 

Медициналык-социалдык экспертизага жолдомо алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча медициналык мекемеге (ҮМБ, ҮДТ) кайрылыңыз. Форманын аталышы – 088 д/у. Дарыгерлер текшерүү жүргүзүп, тиешелүү жолдомо бериши керек.

Көңүл буруңуз: жолдомо (088 д/у формасы) мекеменин мөөрү жана үчтөн кем эмес дарыгердин колу (анын ичинде консультациялык комиссиянын төрагасынын же башкы дарыгердин колу) менен күбөлөндүрүлүшү керек. Ооруканадан чыгаруу кагаздары мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек (врачтын бурчтук штампы жана жеке мөөрү гана жетишсиз), бул документтердин көчүрмөлөрү МСЭКке тиркелет.

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту (ID-картасы) ;
  • саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу – 088 д/у формасы;
  • амбулатордук карта;
  • стационардык дарылоонун көчүрмөлөрү, ооруну тастыктаган медициналык документтер (консультативдик корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары).

Дарыгердин жолдомосун, чогултулган документтерди алып, аймактык (райондор аралык же шаардык) МСЭКке кайрылыңыз. Бул жерде сиз медициналык-социалдык экспертизаны дайындоого арыз толтурасыз. 

Документтерди МСЭКке тапшыргандан кийин экспертиза өтчү күн белгиленет. Экспертиза учурунда адистер баланын физикалык жана психологиялык абалын баалап, жашоосунун чектелишинин деңгээлин аныкташат.

 

Күбөлөндүрүүдөн кийин 5 күндүн ичинде комиссиянын мөөрү жана башчысынын колу коюлган төмөнкү документтер колго берилет:

  • МСЭКтин маалымкаты;
  • МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө;
  • экспертизанын жыйынтыктары менен №088 формасынын айрып алуучу талону.

Көңүл буруңуз! Балага “ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү” статусу ыйгарылганда, МСЭК ал үчүн жекече реабилитациялоо программасын түзөт. Бул программа жергиликтүү социалдык өнүктүрүү, билим берүү (анын ичинде психологиялык-медициналык-педагогикалык кызматтар) жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жөнөтүлөт. Программа бир айдын ичинде берилет.

 

МСЭКтин корутундусу менен балага жөлөк пул, дагы башка жеңилдиктерди тариздөө үчүн жергиликтүү социалдык камсыздоо мекемесине кайрылыңыз. Бул тууралуу кененирээк шилтемеде: 

Майыптыгы бар балага кантип жөлөк пул алса болот?

 

 

МСЭКтин чечимине даттануу боюнча нускама: 

  • МСЭКтин чечимин баалоо: эгерде сиз медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) чечимине макул болбосоңуз, анда анын үстүнөн даттансаңыз болот. Даттануу административдик тартипте да, соттук тартипте да болушу мүмкүн, бирок адегенде жогору турган инстанцияга – Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна кайрылуу сунушталат.
  • Арыз берүү: арызды чечим чыгарылган МСЭКке же түздөн-түз республикалык борборго жазыңыз. Арызды жеке өзүңүз алып барасыз же почта аркылуу да берсеңиз болот.
  • Медициналык ишти өткөрүп берүү: арыз берилгенден кийин үч күндүн ичинде сиздин медициналык ишиңиз андан ары кароо үчүн Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна тапшырылышы керек.
  • Борбордо ишти кароо: республикалык борбордун адистери бир айдын ичинде МСЭКтин чечими канчалык негиздүү болгонун карап чыгат. Сиз кайрадан экспертизадан өтүш үчүн кеңейтилген комиссиянын отурумуна чакырыласыз. Эгерде Сиз бара албасаңыз, анда тиешелүү маалымкаттын жардамында текшерүүнү үйдөн өткөрсө болот. 
  • Чечимди өзгөртүү: эгерде республикалык борбор баштапкы чечимди туура эмес деп тапса, анда ал өзгөрүшү мүмкүн.
  • Андан аркы даттануу: эгерде сиз Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун чечимине макул болбосоңуз, анда Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы атайын кеңейтилген комиссияга кайрылсаңыз болот. Бул үчүн тиешелүү арыз жазуу талап кылынат.
  • Сотко кайрылуу: атайын комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда сотко кайрылуу укугуңуз калат. Эскерте кетели, административдик даттануунун бардык жолдорун басып өткөн соң гана сотко кайрылууга болот. 

 




    Окшош суроолор