Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Алиментти төлөбөгөндөрдү кайсы учурда ата-энелик укуктан ажыратса болот?

ID2473
Көрүүлөр: 53
Актуалдуу: 04-12-2024
QR Code

Баланын атасы (апасы) алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса, аны ата-энелик укуктан ажыратуу арызы менен сотко кайрылса болот. Эсиңизде болсун: ата-энелик укуктан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен, анын ичинде алименттен бошотпойт.

Алимент кыянаттык менен төлөнбөй жатканы кантип аныкталат? 

Алимент төмөндөгү учурларда кыянтаттык менен төлөнбөй жатат деп эсептелинет: 

  • Ай сайын төлөм жүргүзүү милдети аныкталган учурда үч же андан көп ай бою алиментти төлөбөсө. 
  • Жыл ичинде жалпысынан үч айдан ашык алиментти төлөбөсө.  
  • Макулдашууда маал-маалы менен алимент төлөө аныкталып, бирок ошол шарт  сакталбай, үч же андан көп жолу алиментти төлөбөй койгондо.  
  • Кирешелерин, мал-мүлкүн, иштеген жерин атайылап жашырганда же жалган маалыматтарды бергенде (мисалы, иши же кирешеси өзгөргөнү тууралуу сот аткаруучуга маалымат бербей койгондо). 

Ата-энелик укуктан ажыратууга негиз болуп берчү бардык документтерди жана далилдерди чогултуңуз. Мисалы:

  • Алимент боюнча карыз тууралуу маалымкат. 
  • Укук коргоо органдарынан алимент төлөөдөн качканына байланыштуу жоопкерчиликке тартылганы тууралуу документтер. 
  • Эгер баланын өлкөдөн сыртка чыгышына тоскоолдук жаратса, анда муну далилдөөчү материалдар. 
  • Жүрүм-турумун мүнөздөөчү башка документтер, айталы, наркологиядан маалымкат, камкорчулук мекемесинин актысы ж.б. 

Доо арызды доогердин (өзүңүздүн) же жоопкердин (алимент төлөбөй жаткан атанын/апанын) жашаган жери боюнча сотко берсе болот. 

Доо арызда төмөндөгүлөрдү көрсөтүңүз: 

    • Соттун толук аталышын. 
    • Доогер менен жоопкердин жеке маалыматтарын. 
    • Ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн негиздердин толук баянын. 
    • Тиркелген документтердин тизмесин. 
  • Соттук териштирүүгө прокурор, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мекеменин өкүлдөрү катышат. 
  • Сот берилген далилдерди баалап, баланын кызыкчылыктарын башкы орунга коюу менен чечим кабыл алат.
  • Сот доону негиздүү деп чечсе, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу чечимин чыгарат. 
  • Чечим ЗАГС органдарына жиберилип, алар жарандык абалдын актыларына өзгөртүүлөрдү киргизет.
  • Соттук чечимдин үстүнөн аппеляциялык тартипте 30 күн ичинде даттанса болот. 
  • Ата-энелик укуктан ажыратылган жаран балага карата бардык укуктарын жоготот, анын ичинде баланын жашоосуна, тарбиясына катыша албайт. 
  • Ата-энелер үчүн каралган жеңилдик, жөлөк пул алуу укугунан да ажырайт. 
  • Баласынан кийин мурас ала албайт. 

! Ошол эле маалда башында айтып өткөндөй, ата-энелик укугунан ажыраган ата (эне) баласына карата милдеттеринен бошотулбайт. 

Тема боюнча:

Кайсы учурда ата-эне ата-энелик укугунан ажыратылат?




    Окшош суроолор