Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жумушка албай коюу кайсы учурда негизсиз деп саналат? 

ID1393
Көрүүлөр: 149
Актуалдуу: 30-04-2024
QR Code

Талапкердин жынысы, жашы, улуту, расасы, диний ишенимдери, ден соолугу сыяктуу дискриминациялык себептерге негиздеп жумушка албай коюу мыйзамсыз болот. Бул маселеде көңүл бурчу маанилүү жагдайлар бир топ. Алардын ар бирине токтолуп, жумушка кабыл алуудан баш тартуу негизсиз болгондо эмне кылыш керек деген суроого да жооп берели. 

Талапкердин кесиптик сапаттарына, ал аткарчу жумуштарга тиешеси жок жеке белги-мүнөздөрүнө басым коюу, ошого таянып чечим кабыл алуу дискриминациялык деп саналат. Төмөндөгү белгилер боюнча жумушка албай коюу мыйзамсыз:

  • кызмат ордуна талапкердин жынысы,
  • расасы, 
  • улуту,
  • жашы, 
  • диний ишенимдери, 
  • саясий көз караштары,
  • тили,
  • теги, 
  • мүлктүк абалы, 
  • ден соолугу, 
  • үй-бүлөлүк абалы, 
  • кош бойлуулугу,
  • балалуу экени, 
  • белгилүү бир социалдык же коомдук топторго таандык же таандык эместиги;
  • соттолгондугу ( мыйзамда каралган чектөөлөрдөн тышкары), 
  • кызматкердин кесиптик сапаттарына, анын ишинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайлар.

Мыйзамда айрым жумуштун түрлөрүнө атайын талаптар коюлганда же мамлекет кошумча коргоого муктаж адамдарга, мисалы, майыптыгы барларга же жаш балдарга өзгөчө кам көрүү менен ишке кабыл алууда кандайдыр бир чектөө же колдоо көрсөткөндө дискриминация деп эсептелбейт.

Төмөндөгү учурларда ишке албай коюу негизсиз деп саналат:

  • Жумуш орундарын квота менен бөлүштүрүү алкагында мамлекеттик кызмат жөнөткөн жаранды жумушка албай коюу;
  • Жумушка жазуу жүзүндө чакыруунун негизинде келгендерди кабыл албай коюу;
  • ЖОЖду аяктагандан кийин жумуш берүүчүнүн арызы же келишим боюнча иштегени келгендерди кабыл алуудан баш тартуу. 

Ушул талаптарга карабай, келген кызматкерди ишке кабыл алуудан баш тартса, анда иш берүүчү өз чечиминин себебин суроо-талап түшкөндөн тарта үч күн ичинде жазуу жүзүндө түшүндүрүп бериши керек. Негизсиз баш тартуунун үстүнөн сотко даттанса болот. 

1-кадам: Далилдерди чогултуңуз

  • Жумуш берүүчү менен өткөн сүйлөшүүнүн бардык жагдайларын, анын ичинде сүйлөшүү өткөн күндү жана убактысын жазыңыз.
  • Баш тартуу боюнча кеп болгон бардык каттарды сактаңыз. 
  • Мүмкүн болсо, баш тартуунун жагдайларын тастыктаган күбө көрсөтмөлөрүн же жазууларды алыңыз.

2-кадам: Арыз жазыңыз

Бул маселеде төмөндөгү жактарга арыз менен кайрылса болот:

  • эмгек талаштары боюнча комиссияга;
  • эмгек инспекциясына;
  • сотко. 

Кайсы бирине кайрылары жарандын эркинде. Сиз сотко кайрылдыңыз дейли. Кийинки кадамдарга көңүл буруңуз. 

3-кадам: Сотко активдүү катышыңыз

Сот процессинде активдүү болуңүз. Сизден кошумча далилдер же маалыматтар талап кылынышы мүмкүн. 

4-кадам: Соттун чечимине ылайык иш тутуңуз

Эгер маселе сиздин пайдаңызга чечилсе, жумуш берүүчү сизди жумушка алып эле тим болбой, компенсация төлөөгө же дагы башка аракеттерди жасоого милдеттүү болушу ыктымал. 

Эгер маселе сиздин пайдаңызга чечилбесе жана сиз муну адилетсиз деп эсептесеңиз, анда аппеляциялык негизде даттана аласыз.




    Окшош суроолор