Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыгы бар жаран кантип жумушка орношсо болот?

ID1410
Көрүүлөр: 103
Актуалдуу: 06-05-2024
QR Code

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын ишке жайгашуусуна жардам берген квоталык система иштейт. Кызматкерлеринин саны 20 же андан көп болгон мекеме-ишканаларда иш орундарынын эң аз дегенде 5%ы же бир жумушчу орун майыптыгы бар жарандарга бөлүнүшү керек. 

Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү кызматтары календардык жылдын башталышына үч ай калганда иш берүүчүлөргө майыптыгы барлар үчүн квоталар каралышы керектиги тууралуу маалымат берип турат. Бирок мындай эрежелер мамлекеттик ишканаларга гана тийиштүү. Жеке секторго мамлекет “майыптыгы барларды жумушка алыңыз” деп сунуш гана бере алат.

Майыптыгы бар адам ишке орношуу үчүн эмне кылыш керек? Аларга кандай жеңилдиктер каралган?  

  • Майыптыгы бар адам квота алкагында жумушка орношуу үчүн калкты иш менен камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө каттоого турушу керек. 
  • Бул кызмат майыптыгы бар адамдын жеке дарылануу программасын, анда эмгектин кандай шарттарына уруксат берилгенине карап, ошондой эле талапкердин колунан кандай жумуш келерин эске алуу менен жумуш издейт. 
  • Майыптыгы бар жаранга туура келчү жумуш табылса, калкты иш менен камсыздоо кызматы багыттама жазып берет да, талапкер жумушка орношууга жөнөтүлөт. 
  • Иш берүүчүлөр багыттама менен келген майыптыгы бар адамды жумушка алууга милдеттүү.
  • Иш берүүчү майыптыгы бар адамдын жеке реабилитациялык программасына, медициналык сунуштарга карап тийиштүү эмгек шарттарын түзүшү керек.
  • Майыптыгы бар адамды ишке кабыл алган учурда сыноо мөөнөтүн белгилегенге болбойт. 
  • Эмгек шарттары, анын ичинде маяна, иштөө жана эс алуу режимдери башка кызматкерлердики менен бирдей же алардыкынан жакшыраак болушу талап. 
  • Эгерде майыптыгы бар кызматкер суранса, иш берүүчү бир жылда 60 күнгө чейин акы төлөнбөгөн өргүү берүүгө милдеттүү. 
  • I жана II топтогу майыптар үчүн жумуш аптасы 36 саатка чейин кыскартылат, күнүнө иштин узактыгы 7 сааттан ашпайт.
  • Майыптыгы бар кызматкер каршы болсо же медициналык жактан каршы көрсөтмөлөр болгон учурда аны ченемден ашык же түнкү ишке тартууга болбойт. 
  • Иш берүүчүүн демилгеси менен майыптыгы бар адамды жумуштан кетирүүгө болбойт. Ишкана жоюлганда гана мындай аракетке жол берилет. 
  • Штат кыскартылса, майыптыгы бар адамдарды ишканада алып калууга артыкчылык берилет.
  • Майыптыгы бар адамдар пенсияга кеткен учурдар жамааттык келишимде каралган социалдык кызматтарга болгон укуктардын баарына ээ болушат. 
  • Иш берүүчү кошумча жеңилдиктерди берип, пенсияга кошумча төлөмдөрдү чегере алат.
  • Майыптыгы бар адамдарды ишке алган иш берүүчүлөр мыйзамда каралган жеңилдиктерден пайдалана алышат. 




    Окшош суроолор