Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыгы бар балага мектепте коштоочу керек. Жол-жобосу кандай?

ID583
Көрүүлөр: 162
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү окуучуларды коштоо мектеп тарабынан уюштурулат. Мүмкүнчүлүгү чектелүү же оор формадагы дарт менен жабыркаган 6-12 жаштагы балдарга 1-4-класстарда коштоочу берилет. 

  • ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) коштоо зарылдыгы жөнүндө арызы.
  • психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын жергиликтүү билим берүү башкмармалыгы менен макулдашылган корутундусу. Бул документ бир чейрекке, жарым жылга берилиши мүмкүн, бирок мөөнөтү бир окуу жылынан ашпайт. Корутундуда ошондой эле мугалимдин жардамчысынын (коштоочунун) квалификациясына талаптар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы коштоп жүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жазылат. 

Мектеп менен ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ортосунда коштоо мөөнөтүн көрсөтүү менен коштоону уюштуруу жөнүндө келишим түзүлөт. 

Мектеп коштоону уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарат, анда

  • коштоо мөөнөтү,  бала окуй турган класс аныкталат;
  •  жеке окуу планы жана окутуу программасы бекитилет,
  • сабактарга сааттарды бөлүштүрүү менен коштоону уюштуруу үчүн мугалимдин жардамчысы дайындалат.

Бул ишти көзөмөлдөө директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына жүктөлөт. 

Директордун орун басары, класс жетекчиси, предметтик мугалимдер жана мугалимдин жардамчысы (коштоочу) биргеликте отуруп, балага жеке окуу планын түзүшөт. Ошондой эле окуу программасын адаптация кылышат, тесттик жана практикалык тапшырмаларды аныкташат. 

  • Мугалимдин жардамчысы өз милдеттерин талаптагыдай аткарып жатканына, анын ичинде ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, окууда жана коомго аралашууга жардам берүү жагын колго алганына ынаныңыз. 
  • Мугалимдин жардамчысы жана мектеп кызматкерлери менен жекече окуу планындагы жана коштоо ыкмаларындагы прогрессти, адаптациялоонун ыктымалдуу жолдорун талкуулап туруңуз. 
  • Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуңуз жана баланы окутуу-өнүктүрүүдө ар тараптуу мамилени камсыз кылуу үчүн ресурстук борборлордон же психо-педагогикалык колдоо кызматтарынан адистерди тартыңыз.
  • Коштоо процессинде балаңыздын укуктары жана кызыкчылыктары сакталышын жана билим берүү процесси анын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана социалдашуусуна өбөлгө түзөрүн текшериңиз.




    Окшош суроолор