Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кафе-ресторанда тейлөө үчүн кошумча акыны төлөбөй койсом болобу?

ID1929
Көрүүлөр: 727
Актуалдуу: 10-07-2024
QR Code

Жок, сиз кафе-ресторандарда тейлөө үчүн пайыз түрүндөгү кошумча акыны төлөөдөн баш тарта албайсыз. Себеби коомдук тамактануучу жайларга кардарлардан тейлөө үчүн кошумча акы алууга мыйзам жол берет. 

Кафелерде тейлөө үчүн кошумча акы алуу маселеси “Кыргыз Республикасынын аймагында айрым товар түрлөрүн сатуу эрежелери” менен жөнгө салынат.

Негизги жоболор:

141-пункт. Коомдук тамак-аш объекттери келүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү белгилей алат.

154-пункт. Коомдук тамак-аш объекттери өзүнүн негизги иши менен катар эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча жекече тизме боюнча кызматтарды көрсөтүүгө акылуу.

155-пункт. Кошумча кызматтардын наркы менюда жана прейскуранттарда көрсөтүлүшү керек.

Жыйынтык: 

Кафе жана ресторандар тейлөө үчүн пайыз түрүндө кошумча акы алууга укуктуу. Бирок бул шарт менюда же прейскурантта көрсөтүлүшү керек. Кардар кошумча төлөм жөнүндө алдын ала билиши кажет. Эгерде менюда тейлөө акысы тууралуу эч нерсе айтылбаса, анда сиз мыйзам бузулганын айтып, төлөөдөн баш тарта аласыз.




    Окшош суроолор