Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Уставдык капиталдагы үлүштү мурастоонун жол-жобосу кандай?

ID2882
Көрүүлөр: 41
Актуалдуу: 27-12-2024
QR Code

Юридикалык уюмдун катышуучусу каза болгон учурда анын уставдык капиталдагы үлүшү мураскорлорго өткөрүлүшү мүмкүн. Бул процесс Жарандык кодекс жана уюмдун уставы менен жөнгө салынат.

Мурасты калтыруучу каза болгон күндөн баштап алты ай ичинде мураскорлор нотариуска кайрылып, мурасты кабыл алуу тууралуу арыз беришет.

 Керектүү документтер:

    • Маркумдун өлгөнү тууралуу күбөлүк.
    • Мурас калтыруучу менен мураскорлордун тууганчылык мамилесин ырастоочу документ.
    • (Керек учурда) керээз кат.
  • Эгерде үлүш анык бир мураскорго керээз кат менен калтырылса, үлүш толугу менен ошол мураскорго өткөрүлөт.
  • Керээз кат жок болсо, үлүш мураскорлордун укугуна жараша пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт.

Уюмдун уставында үлүштү мурастоого байланыштуу чектөөлөр болушу мүмкүн. Төмөндө айрым шарттар мисал келтирилди:

  • Үлүштү мурастоо үчүн уставдык капиталдын башка катышуучуларынын макулдугун алуу. 
  • Үлүштү мурастоого толук тыюу салуу.

Эгерде үлүштү мурастоо үчүн катышуучулардын макулдугу талап кылынбаса, мураскор мурасты кабыл алуу укугун ырастаган күбөлүк алгандан кийин үлүш ага автоматтык түрдө өткөрүлөт.

  • Мурасты кабыл алуу күбөлүгүн алгандан кийин мураскор “уюмга катышуу укугун өзүмө өткөрүп алдым” деп компанияга кабар бериши керек. 
  • Уюмдун түзүүчү документтерине өзгөртүүлөр киргизилип, аны юстиция органдарында катташ керек. 

Эгерде устав мураскорлорго үлүштү өткөрүүнү чектесе жана катышуучулардын макулдугу алынбаса, мураскорго үлүштүн наркына барабар акча төлөнөт же мүлк өткөрүлүп берилет. 

  • Уюмдун катышуучулары менен келишпестиктер: Эгерде катышуучулар үлүштү өткөрүүгө макул болбосо, сотко кайрылса болот. 
  • Үлүштүн баасын аныктоо: Үлүштүн наркы рыноктук баа боюнча аныкталат жана бул көз карандысыз баалоочунун отчёту менен ырасталат. Эгерде компенсациянын наркы төмөндөтүлгөн болсо, аны сот аркылуу талашууга болот.

Жыйынтык:

  • Эгерде уюмдун уставы үлүштү мурастоого уруксат берсе, үлүш мураскорго эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлөт.
  • Эгерде устав үлүштүн мураскарга өтүшүнө чектөө койсо, мураскор акчалай компенсация же үлүш наркына барабар мүлк алат.




    Окшош суроолор