Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жубайлар жалпы мүлкүн сотко чейинки тартипте бөлүштүрө алабы?

ID2337
Көрүүлөр: 51
Актуалдуу: 18-11-2024
QR Code

Жубайлар каалаган убакта жалпы мүлктү өз ара бөлүштүрүп алса болот. Демек, ортодогу мал-мүлктү бөлүштүрүү иши сөзсүз түрдө эле ажырашкан соң ишке ашпайт, мындай демилге нике учурунда да көтөрүлүшү мүмкүн. 

Жубайлар өз ара келишип жатканда, мүлктүн ушунча бөлүгү күйөөгө, мынча бөлүгү аялга калсын деген шарт жок. Бул жубайлардын жеке чечими. Мисалы, экөө акылдашып, мүлктү тең бөлүшүп алышы мүмкүн же каалагандай пропорцияны тандашы ыктымал. 

Үй-бүлөлүк кодекстин 39-беренесинин 6-пунктуна ылайык, нике маалында мүлктү бөлүштүрүү ишке ашса, мүлктүн бөлүштүрүлө элек бөлүгү, ошондой эле бөлүштүрүүдөн кийин сатып алынган мүлк орток менчик бойдон кала берет. 

Жалпы мүлктү бөлүштүрүү ыктыярдуу түрдө жасалат, бул тууралуу жазуу түрүндөгү келишим түзүлөт. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүү милдеттүү эмес, бирок жубайлар кааласа, документин күбөлөндүрүп кое алат. 

Эгерде кыймылсыз мүлк, айталы, үй бөлүштүрүлүп жатса, анда жубайлардын ортосундагы келишим мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. 

 




    Окшош суроолор