Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жубайлар ажырашса, кредитти ким төлөйт?

ID1882
Көрүүлөр: 737
Актуалдуу: 08-07-2024
QR Code

Ажырашканда мүлк жубайлардын ортосунда кандай бөлүштүрүлсө, кредит да так ошондой бөлүштүрүлөт. Бирок кредитти жубайлардын бирөөсү өз муктаждыгына алса, экинчиси муну далилдеп бере алса, анда жагдай өзгөрүшү мүмкүн. 

Кредиттик каражат эмнеге сарпталганын аныктаңыз. Эгерде кредит жалпы мүлктү сатып алууга же дагы башка үй-бүлөлүк муктаждыктарга (мисалы, унаа, турак жай, балдардын билим алуусу) колдонулган болсо, ал жалпы карыз катары эсептелет. Жубайлардын жалпы мүлктөгү үлүшүнө жараша кредитти төлөө милдети эки тарапка пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. 

Эгерде кредитти жубайлардын бирөөсү жеке муктаждыгы үчүн колдонгон болсо, ал жеке карыз катары таанылышы мүмкүн. 

 Кредитке байланыштуу бардык документтерди, анын ичинде кредиттик келишимди, банктык көчүрмөлөрдү жана акча кайда сарпталганын тастыктаган далилдерди (мисалы, чектер, квитанциялар) чогултуңуз. 

Эгерде сиз сотко кайрылып, кредитти жубайыңыздын жеке карызы катары таанууну талап кылганы жатсаңыз, анда акча жеке муктаждыктар үчүн сарпталгандыгын тастыктаган далилдерди даярдаңыз. Мисалы, кредит жеке кызыкчылыкка иштетилгенин ырастаган жазышуулар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же документтер болушу мүмкүн. 

Арызды никеңиздер катталган жер же акыркы учурда чогуу жашаган жер боюнча райондук сотко бересиз. 

Жалпы карызды бөлүштүрүү боюнча сот иши каралганда банк үчүнчү тарап катары тартылат жана банктын макулдугу талап кылынат.

Сот берилген далилдерди карап чыгып, карыздын жалпы же жеке экендигин аныктайт. Соттун чечимине жараша кредит боюнча милдеттенмелер мурунку жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

Соттун чечимине ылайык кредиттин шарттарын ишке ашыруу үчүн банкка чечимдин көчүрмөсү менен кайрылыңыз. 

Сиздер расмий ажыраша элексиздер, бирок эки башка жашап жүрөсүздөр. Кредитти жубайыңыз жакын ортодо эле алды дейли. Мындайда карыз боюнча жалпы жоопкерчиликтен арылуу үчүн өзүнчө жашап жатканыңызды далилдегенге аракет кылыңыз.

Мүмкүнчүлүк болсо, карыздарды бөлүштүрүү маселесин өз ара сүйлөшүп эле чечишип, нотариуста макулдашууну түзгөнгө аракет кылыңыздар. Мындайда эки тарап тең убакыттан утат, убарагерчиликке түшпөйт. 




    Окшош суроолор