Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жер үй сатып аларда эмнелерге көңүл буруш керек?

ID1468
Көрүүлөр: 100
Актуалдуу: 08-05-2024
QR Code

Жагымсыз кесепеттердин алдын алыш үчүн үйдү тандаганда жана документтерди тууралаганда эмнелерге көңүл буруш керек? Төмөндөгү кеңештерди эске алыңыз.

Жайгашкан жери: Жумушка-окууга барчу жолдорду эске алыңыз, көздөгөн жерге жеке же коомдук унаада жетиш үчүн канча убакыт керек? Жергиликтүү инфраструктура кандай, айталы, оорукана, мектеп, дарыкана, дүкөндөр ж.б. барбы? Болочокто бул аймакка кандай курулуштар түшөрүн да изилдеңиз. Кошуналар менен баарлашыңыз, алардан аймак жана үй тууралуу көп маалымат ала аласыз. 

Үйдүн абалы: Үйдүн чатырын, дубалын, полун текшериңиз. Пайдубал менен жертөлөөдө жаракалар, суу каптоонун издери жокпу? Суу, канализация, жылуулук, электр, вентиляция системалары жайындабы?

Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сизге жаккан үйлөрдү техникалык адис менен бирге кайрадан көрүп чыгыңыз. Мындай кадам болочокто ремонко кетчү чыгымдардан же үйдү кайра сатуудагы кыйынчылыктардан коргойт. 

Жер тилкесине болгон менчик укугун аныктоочу документ мамлекеттик акт деп аталат. Мукабасы кызыл болгон үчүн аны эл ичинде “кызыл китеп” деп коюшат. 

 Негизи үй салынган жердин документи “кызыл китеп” болушу кажет. Бирок кээде китеби “жашыл” же “көк” болгон жерлерге да үй курушат. 

  • “Кызыл китеп” – бул жер тилкесине болгон менчик укугу. Мамлекеттик акт. 
  • “Жашыл китеп” – бул жер тилкесин 5 жылдан 49 жылга чейинки аралыкта колдонуу жана ага ээлик кылуу укугу. Бул да мамлекеттик акт, бирок аталышы бир аз башка – “жер тилкесин ээлөө укугуна” деп белгиленет. 
  • “Көк китеп” – айыл чарба жерлерин колдонуу жана ага ээлик кылуу укугу. Мындай тилкелерге үй курууга тыюу салынган. 

Мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн жердин аянтына үй ээси айтып жаткан аянт дал келерин текшериңиз. Сизге “жер 8 сотых” деп сатып жатышканы менен, анын жарымы эле документтештирилген болушу ыктымал. 

1. Мамкаттоодон көчүрмө кагаз:

  • “Түндүк” системасы аркылуу үйгө болгон укуктун жана анын таржымалын көрсөткөн көчүрмө алыңыз. Ар бир документтин баасы 152 сом турат. 

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктун көчүрмөсү

Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын тарыхы

Бул документтер кожоюндун аты-жөнүн, үйгө чектөө коюлуп-коюлбаганын көрсөтүп берет. Ошондой эле үй тууралуу маалыматтар камтылат: багыты, кадастрдык номуру, аянты ж.б. Кожоюндары канча аралыкта алмашканын изилдеңиз, үй улам эле колдон-колго өтүп жатса, анда көйгөй болушу ыктымал. 

2. Укукту аныктаган документтер:

  • Сатуучу үйгө кандайча ээлик кылып калганын тактаңыз: сатып алганбы, приватташтырганбы, белекке же мураска алганбы? Тийиштүү документти көрсөтүшүн талап кылыңыз.

3. Коммуналдык төлөм үчүн карыз:

  • Коммуналдык кызматтар үчүн карыз жок экенине ынаныш үчүн акыркы квитанцияларды сураңыз. 
  • Үйгө мурда ким ээлик кылган, мурдагы ээлеринин саны канча, аларда юридикалык жактан көйгөйлөр болгон эмеспи? Азыркы кожоюнунда мыйзам менен маселе жокпу, анын ичинде психоневрологиялык жана наркологиялык мекемелерде каттоодо турбайбы?
  • Үй ээси ушул тапта жубайы менен ажырашып жаткан жокпу же жакында эле ажырашпадыбы? Бул жагдай мүлктү сатуу укугуна таасир этет. Айрыкча үйдү жубайлар чогуу алган болуп, алардын бири экинчисинин макулдугу жок сатып жаткан болсо, алдыда сизди чоң көйгөйлөр күтөт. 
  • Көзү өтүп кеткен мурдагы кожоюндар, үйгө ээлик кылууга талапкер болушу ыктымал мураскерлер тууралуу да тактап койгон жакшы. Керээз кат менен үй бир мураскерге өтсө, экинчиси бул боюнча сотко кайрылышы мүмкүн. 
  • Эгерде үйгө ээлик кылгандардын катарында жашы жете электер болсо, сатууга мыйзамдуу уруксат алынганын тактаңыз. Камкорчу тийиштүү органдын уруксатын албай туруп, камкордугундагы баланын мүлкүн сата албайт. 

Баабашы макулдашуусунда төмөндөгүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Баабашынын суммасы, адатта ал үйдүн баасынын он пайызынан ашпайт. 
  • Үйдүн толук баасы. 
  • Толук эсептешүү кайсы күнү болору. 
  • Бардык суммалар сомдо көрсөтүлүшү керек, болбосо сатуу-сатып алуу иши жараксыз деп табылышы мүмкүн. 

Көңүл буруңуз:

  • Баабашы тууралуу макулдашууну нотариустан өткөрүүнүн кажети жок. 
  • Макулдашуу түзүлмөйүнчө баабашын бербеңиз. Анткени баабашын алып, жоголуп кетмей – алдамчылар көп колдонгон амал. 
  • Баабашын бергенден кийин сиз үйдү сатып алуудан баш тартсаңыз, анда баабашына делген акча сатуучуда калат. Эгер сатуучу баабашын алган соң, үйүн сатпайм деп чыкса, анда ал алган акчасын эки эселеп бериши керек. 

Нотариуста үйдү сатуу-сатып алуу келишимин түзөсүздөр. Бардык тараптар, алардын ичинде жубайлар да жеке катышып, кол коюлгандан кийин гана акчаны бересиз. 

Керектүү документтер :

  • Бардык тараптардын паспорттору. 
  • Үй ээсинин жубайынын мүлктү сатууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу. 

Келишимде төмөндөгүлөрдү текшериңиз: 

  • Үйдүн так мүнөздөмөлөрүн. 
  • Үйдүн дарегин жана кадастрдык номурун. 
  • Үйдүн аянты.
  • Үйдүн баасы канча, төлөө шарттары кандай экенин. 
  • Тараптардын аты-жөнүн, жеке номурларын (ИНН). 

Келишимде сатуучу тарап үйдү кайсы күнү бошотуп берери да көрсөтүлүшү керек. 

Батирге ээлик кылуу укугун мамкаттоодон өзүңүзгө өткөргөндөн кийин гана толук эсептешиңиз. Же коопсуздук үчүн нотариустун эсебин, болбосо аккредитив же эскроу-эсеп деген сыяктуу банктык кепилдиктерди колдонсоңуз болот.

Аккредитив жана эскроу-эсеп — бул сатуу-сатып алуу иштеринде кепилдикти камсыздаган каржылык инструменттер. Аккредитив сатып алуучуга иштин шарттары так аткарылган учурда төлөм жасаларын кепилдейт. Эскроу-эсеп акчаны же мүлктү эсеп-кысап бүткөнчө нейтралдуу тарапта сактап турат. Экөө тең сатуучу үчүн да ,сатып алуучу үчүн тобокелдиктерди минималдаштырат. 

  • Мамкаттоодон үйгө болгон менчик укугу сизге өткөнүн каттоодон өткөрүңүз. 
  • Менчик укугу тууралуу күбөлүктү өз атыңызга алыңыз.




    Окшош суроолор