Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Сервитут деген эмне жана аны кантип тариздеш керек? 

ID1580
Көрүүлөр: 78
Актуалдуу: 20-05-2024
QR Code

Адатта жер тилкеси анын ээсинин көзөмөлүндө. Бирок айрым учурларда жер ээси өз тилкесин башка бирөөлөрдүн пайдалануусуна берүүгө милдеттүү. Айталы, түтүктөрдү алып өтүп же жол ачыш үчүн. Ушул жерде сервитут деген түшүнүк жардамга келет. Сервитут деген эмне, ал кандай учурларда аныкталышы мүмкүн, жол-жобосу кандай? Ушул жана башка суроолорго жооп берели.  

Сервитут – бул башка бирөөнүн мүлкүн белгилүү бир максатта пайдалануу укугу.  Ага таянып жеке менчик аймагына башка адамдар же уюмдар кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Бул укук күрөө же камакка алуу сыяктуу эле мүлккө чектөө алып келет. Мисалы, көлгө же айылга барчу жалгыз жол бир кишинин короосу аркылуу өтсө, анда сервитут белгилениши мүмкүн. Сервитут жеке кызыкчылык, ыңгайлуулук максатында бекитилбейт. 

Мисалды карайлы. Бир кыштакчада үч үйгө алып барчу жалгыз жол Рысбек аттуу кишинин короосу аркылуу өтөт. Маселени чечиш үчүн кошуналар Рысбек менен сүйлөшүп, ал короосунан өтүүгө уруксат берди. Муну сервитут аркылуу тариздеш керек. Алар расмий сервитут келишимин түзүштү. Кошуналар үйүнө каттоо маселесин чечип алды. 

Сервитут Рысбек жеринин бир бөлүгүнөн ажырап калды дегенди түшүндүрбөйт. Жер тилкеси мурдагыдай эле анын менчигинде, болгону Рысбек кошуналарына ары-бери өтүү укугун гана берди. 

Рысбектин жана анын кошуналарынын мисалында улантабыз. Ыктыярдуу сервитут коңшулардын ортосундагы келишим аркылуу белгиленет. Алар жер тилкесин пайдалануунун түрлөрү жана шарттары жөнүндө макулдашат. Төмөндөгү аракеттер жасалышы керек: 

  1. Сервитуттун максаттарын белгилөө жана сервитут камтый турган жер тилкесин так аныктоо.
  2. Колдонуу шарттарын аныктоо, мисалы, жол жөө өтүү үчүн гана ачылат же машинелердин жүрүшүнө да уруксат берилет, сутканын кайсы бир убактарында өтүүгө тыюу салынат ж.б. 
  3. Тилкенин аянтын, колдонуунун узактыгын, жыштыгын ж.б. эске алуу менен сервитуттун мөөнөтүн, баасын аныктоо. 
  4. Сервитут жөнүндө жазуу жүзүндө келишим түзүү.
  5. Сервитутту мамлекеттик каттоодон өткөрүү.

Мындай ыкма эки тараптын тең кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен тилкени пайдалануу укугун ийкемдүү белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Рысбек ыктыярдуу келишимден баш тартса, коңшулар сервитут маселесин сот аркылуу чечиши мүмкүн. Буга кийинки суроо-жоопто кенен токтолгонбуз. 

 



Эгерде коңшулар өз ара тил табыша албаса, анда түз сотко кайрыла алышат. 

Мажбурлоочу сервитут эки негизги максат үчүн белгилениши мүмкүн:

  • жер тилкеге баруу үчун башка жол таптакыр жок болсо; 
  • электр, суу, жылуулук линияларын тартуу үчүн башка жол жок болсо же болсо да өтө кымбатка түшсө. 

Сотко кайрылуу ийгиликтүү болуш үчүн бир нече шарттар аткарылышы керек:

  •  арыз ээси жерге мыйзамдуу түрдө ээлик кылышы керек,
  •  үй мыйзамдуу түрдө курулган болушу кажет, 
  • сервитуттан башка жолу жок;
  • сервитуттун белгилениши жер ээсине тоскоолдук жаратпайт.  

Доо арыз менен сотко кайрылганда төмөндөгү жагдайларды эске алыңыз:

  1. Доо арызда доогер менен жоопкердин маалыматтары, анын ичинде, аты-жөнү, даректери так жазылышы зарыл. Азыркы жагдай кандай экенин, эмне талап коюлуп жатканын, сервитутсуз башка эч бир жол жоктугун так сүрөттөп берүү кажет. 
  2. Керектүү документтер: доо арызга менчик укугун тастыктаган документтерди, сервитуттун зарылдыгын тастыктаган документтерди, кошуна менен тил табышуу аракети майнапсыз болгонун ырастаган документтер ж.б. тиркелиши кажет.  

Эгерде доо арыз берген учурда эксперттин корутундусу жок болсо, анда доогер сотко жер экспертизасын дайындоо жөнүндө өтүнүч келтире алат. 

Сот ишти эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен карайт жана жер ээсине минималдуу оорчулук келтирген шарттарда чечим кабыл алууга умтулат.

Сервитутту белгилөө же белгилөөдөн баш тартуу жөнүндө соттун чечимине апелляциялык тартипте даттанса болот.

Эгерде мажбурлоочу сервитутту орнотуу жердин ээсине же пайдалануучусуна зыян келтирсе, анда бул зыяндын ордун сервитутту демилгелеген адам толтурушу керек. 

Эгерде тараптар зыяндын баасы боюнча тил табыша албаса, муну ыйгарым укуктуу орган же сот аныктайт. Жердин ээси “келтирилген зыянды толтурбай эле, ай сайын же жыл сайын кайсы бир сумманы төлөп турушсун” деген талапты кое алат. 

Сервитут жер ээси өзгөргөн учурда да сакталат, бирок жерден өзүнчө сатылышы же бирөөгө берилиши мүмкүн эмес. 

Келишим боюнча сервитут мөөнөтсүз же убактылуу болушу мүмкүн, ал эми мажбурлоочу сервитут негиз жоюлган учурда алынып салынышы мүмкүн. 

 Эгерде сервитуттун айынан жерди максаттуу пайдалануу мүмкүн болбой жатса, ээси  сервитутту алып салууну сот аркылуу талап кыла алат.




    Окшош суроолор