Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Керээз кат (мурас кагазын) кантип жазуу керек? 

ID970
Көрүүлөр: 85
Актуалдуу: 02-04-2024
QR Code

Мурас кагаз —жаран көзү өткөндөн кийин мал-мүлкүн кимге калтыра турганын аныктаган расмий документ. 

  • Кыргызстандын жашы жеткен (18ден жогору), акыл-эси жайында болгон жараны.
  • Бирок, 18 жашка чыга электер да мурас кагазын калтырышы мүмкүн, мисалы, эгерде алар расмий түрдө үйлөнсө же толук аракетке жөндөмдүү болсо. 
  • Кумар оюндарына, алкоголдук ичимдиктерге же баңгизаттарды колдонууга байланыштуу аракетке жөндөмсүздөр, ошондой эле камкорчулардын уруксаты менен гана мыйзамдуу аракеттерди жасагандар мурас кагазын калтыра алышпайт.
  • Бир нече адамдын атынан жалпы мурас кагазын түзүүгө жол берилбейт, мурас кагазын ортомчу аркылуу түзгөнгө да болбойт. 
  • Мурасты бир же бир нече адамга, анын ичинде сиздин юридикалык мураскоруңуз (жакын тууганыңыз) болбогон кишилерге, ошондой эле юридикалык жактарга, мамлекетке же жергиликтүү бийликке калтыра аласыз.
  • Сиз мыйзамдуу мураскорлоруңуздун ичинен каалаганыңызды (же баарын) мурастан ажырата аласыз, себебин түшүндүрүүгө милдеттүү да эмессиз. Эгер мурас кагазда башка шарттар айтылбаса, мындай чечимиңиз мыйзамдуу мураскорлоруңуздун урпактарына тийиштүү болбойт.  

  • Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү. 
  • Керээз калтыруучу адам каалаган мүлкүн, атүгүл болочокто сатып алчу мүлкүн да мураска калтыра алат. Көзүңүз өтүп, мурас кагазын ачкан кезде болжогон мүлк менчигиңизде болгон болсо, анда ал да эсепке алына берет. 
  • Мурас калтыруучу керээз катта көрсөтүлгөн мураскорлорун “силер кийин (өзүңөр көз жумганда) бул мүлктү тигил же бул кишиге калтырышыңар керек” деп милдеттендире албайт. 
  • Бирок башка жагдайды эске алыңыз. Сиз мурас кагазын жаздыңыз дейли. Бирок сиздин көзүңүз тирүү турганда мураскорлоруңуздун бири каза болуп калышы мүмкүн. Муну эске алуу менен, мурас кагазда “эгерде мураскорлорумдун ичинен кимдир бирөө каза болуп калса, анын үлүшү башка мураскорлорумдун ортосунда тең бөлүштүрүлсүн” деп жаза аласыз.
  • Мурас кагазы жазуу жүзүндө жазылышы керек, анда түзүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлөт (макаланын аягында мурас кагаздын үлгүсү тиркелген, жүктөп алсаңыз болот).
  • Мурас калтыруучу документке өзү кол коюп, аны мамлекеттик же жеке нотариус аркылуу күбөлөндүрүшү керек.

Эгерде мурас калтыруучу физикалык жактан чектелген болсо, ооруп жатса же сабатсыздыгынан улам мурас кагазга кол кое албаса, анын өтүнүчү боюнча нотариустун катышуусу менен башка киши кол кое алат. Бул жагдай себебин көрсөтүү менен кагазда жазылышы керек. Бирок ким кол кое алышы боюнча четкөөлөр бар, төмөндө көрсөтүлгөндөр мурас калтыруучунун ордуна кол кое албайт:

  • Нотариус же мурас кагазды күбөлөндүргөн адам;
  • Кагазда көрсөтүлчү мураскорлор, алардын жубайлары, ата-энеси, балдарды, небере-чеберелери, ошондой эле мыйзамдуу мураскорлору;
  • Толук аракетке жөндөмсүз адамдар;
  • Сабатсыз адамдар жана мурас кагаздагы текстти окуй албагандар.

Мурас кагаздын текстин мурас калтыруучу өз колу менен жазса болот же анын айтуусу боюнча нотариус тарабынан компьютерге түшүрүлүшү мүмкүн. Эгерде текстти нотариус түзгөн болсо, мурас калтыруучу кол коердон мурда текстти толук окуп чыгышы керек. Эгерде кандайдыр бир чектөөлөрдөн улам мурас калтыруучу текстти окуй албаса, анда нотариус текстти үн чыгарып окуп берет жана бул жагдай себебин көрсөтүү менен документте көрсөтүлүшү шарт. 

Эгерде кайсы бир себептерден улам мурас кагазын нотариус күбөлөндүрө албаса, анда төмөнкү адамдар күбөлөндүрө алышат: 

  • Медициналык мекемелердеги башкы дарыгерлер же алардын орун басарлары;
  • Карылар жана майыптар үчүн мекемелердин директорлору же башкы дарыгерлери;
  • Экспедициялардын, аскердик бөлүктөрдүн, түзөтүү мекемелеринин зардалдары;
  • Нотариусу жок жерлерде мыйзам боюнча нотариалдык аракеттерди жасоого укугу бар башка кызмат адамдары.

 

  • Ооба, мазмуну менен таанышпастан туруп күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Жашыруун керээзге күбөлөрдүн жана нотариустун катышуусунда мөөр басылат жана кол коюлат.
  • Мурас кагазы бир тараптуу акт, аны түзүү үчүн мураскордон уруксат алуунун кажети жок. Мурас калтыруучу каалаган убакта мурас кагазын оңдоп, кайрадан түзүүгө; жарым-жартылай же толук бойдон жокко чыгарууга укуктуу. Бул аракеттеринин себебин түшүндүрүп отурууга милдеттүү эмес. 

Мурас кагаздын мазмуну купуя бойдон калат жана мүлк ачылганга чейин ачыкка чыкпайт. Бул мурас калтыруучунун чечими көз карандысыз бойдон калышын камсыздап, сырткы таасирлерден коргойт. Нотариус же керээз катты күбөлөндүргөн башка ыйгарым укуктуу адам документтин сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылат.

Мурас кагазды ачуунун жол-жобосу:

Мурас калтыруучу каза болгондон кийин нотариус же башка ыйгарым укуктуу адам мурас кагазын бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мураскорлордун жана керээз катта көрсөтүлгөн башка адамдардын катышуусунда расмий ачат. Ошол учурда мурас кагаздын мазмуну белгилүү болуп, маркумдун акыркы керээзин ишке ашыруу процесси башталат.




    Окшош суроолор