Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Карыз берерде эмнелерге көңүл буруш керек?

ID1069
Көрүүлөр: 82
Актуалдуу: 08-04-2024
QR Code

Карызга акча берүү – кеңири тараган көрүнүш. Аны кайтарып алуу кээде кыйынга турат. Акчаңыздан кол жууп калбаш үчүн юридикалык жагдайлар эсте болуш керек. 

Жазуу жүзүндө насыя келишимин түзүү

  • Насыя алуучу сиздин жакын досуңуз же тууганыңыз болсо да, ар дайым жазуу жүзүндө насыя келишимин түзүңүз. Келишимде карыздын суммасы, анын кайтаруунун мөөнөтү, акчаны пайдалангандыгы үчүн пайыздар (эгерде ушундай шарт коюлган болсо), каражаттарды кайтаруунун тартиби жана башка шарттар так көрсөтүлүүгө тийиш.
  • Эгерде насыя алуучу никеде турса, анын жубайынын арызын алыңыз. 
  • Суммасы 1000 сомдон ашкан насыя келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Тилкат

  • Тилкат акча каражаты карыз алуучуга берилгенин далилдейт. Анда карыздын суммасы, карыз берилген күн, кайтаруунун мөөнөтү жана шарттары көрсөтүлүп, насыя алуучунун колу болушу керек.
  • Тилкат юридикалык күчкө ээ жана сотко кайрылуу үчүн негиз болуп бере алат. 

Келишимди нотариуста күбөлөндүрүү 

  • Суммасы 50 000 сомдон ашкан насыя келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Көңүл буруңуз! Жазуу жүзүндө болбосо, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлбөсө, карыз бергениңизди далилдешиңиз кыйынга турушу ыктымал. 

Карыз жөнүндө эскертүү

  • Адегенде насыя алуучуга карызды кайтаруу мөөнөтүн эскертип, милдеттенмелерин аткарууну суранып, тынч жол менен чечишип алууга аракет кылыңыз.

Жазуу жүзүндөгү билдирүү

  • Карыз алуучуга карызды белгиленген мөөнөттө кайтарып берүүнү талап кылган расмий катты жөнөтүңүз.

Юридикалык жардам издөө

  • Эгерде жогорудагы аракеттер натыйжа бербесе, сотко доо арызыңызды даярдоо үчүн адвокатка кайрылыңыз.

Соттук териштирүү

  • Насыя келишиминин же тилкаттын негизинде сотко доо арыз жазыңыз. Доодо карыздын суммасы, аны кайтарып берүү мөөнөтү жана карыз алуучудан карызды, ошондой эле тарткан пайыздар менен соттук чыгымдарды өндүрүү талабы көрсөтүлөт. 
  • Сотко доо арыз бергенде мамлекеттик алым төлөнүшү керек.  Мамлекеттик алымдын ставкасын ушул шилтеме боюнча эсептесеңиз болот: http://sot.kg/page/calculator  

Аткаруу өндүрүшү

  • Сот чечими сиздин пайдаңызга чыкса да, насыя алуучу карызды төлөөдөн баш тартып жатса, иш карызды өндүрүү үчүн сот аткаруучулар кызматына берилет.




Мөөнөтү боюнча:

  • Эгерде карызды кайтаруунун так мөөнөтү көрсөтүлгөн болсо, анда доо арыз берүү мөөнөтү ошол күндөн кийин башталат. 
  • Так мөөнөтү жок карыздар үчүн же мөөнөтү талапка жараша болгондо, насыя берүүчү расмий түрдө карызды талап кылгандан тартып доо мөөнөтү башталат. 
  • Эгерде насыя алуучу карызды кайтарууга кошумча убакыт алса, мөөнөттүн эсеби ал аяктагандан кийин башталат.

Пайыз боюнча: 

  • Чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган 15 пайыз кошула турган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюмдан улам эсептелет.
  • Зайымчынын насыячынын алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же зайымдын колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн кошуп эсептелүүчү бышмананын (айыптардын, туумдардын) өлчөмү берилген насыянын же зайымдын суммасынын 20 пайызынан ашпоосу тийиш.
  •  Сүткорлук иште зайымчы насыячынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган учурда зайымчынын күрөө мүлкүн алып коюу сот тартибинде гана жүргүзүлөт.




    Окшош суроолор