Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Белек берүү келишиминин кандай артыкчылык-кемчилиги бар? 

ID1747
Көрүүлөр: 45
Актуалдуу: 26-06-2024
QR Code

Белек берүү келишими – бул мүлктү бекер өткөрүп берүүнүн кеңири тараган ыкмасы. Аны адам көзү тирүүсүндө ишке ашыра алат. Белек берүү келишими жөнөкөйлүгү менен айырмаланат, мүлктү алуучудан эч нерсе талап кылынбайт. 

Белек берүү келишими кантип таризделет, анын башка келишимдерден кандай айырмасы бар, кемчилик-артыкчылыктары кайсылар?

Белек берүү келишими – бул юридикалык документ, анын негизинде бир тарап (белек берүүчү) башка тарапка (белек алуучуга) мүлктү белек катары кайтарымсыз негизде өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет. Башкача айтканда, бул келишим боюнча белек алуучу мүлктү бекер, шартсыз алат.

Белек берүү келишими адатта төмөнкү учурларда таризделет:

  • Үй-бүлө ичинде мүлктү өткөрүп берүү: Белек берүү көп учурда жакын туугандар арасында кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын же баалуу буюмдарды өткөрүп берүү үчүн колдонулат.
  • Өзгөчө учурларда белек берүү: Юбилейлер, үйлөнүү тойлор же башка маанилүү окуялар белек берүү келишимин түзүүгө себеп болушу мүмкүн.
  • Салыктык же юридикалык “баш оорудан” качуу: Айрымдар мүлктү мураска калтыруудагы түйшүктөн качуу үчүн көзү тирүүсүндө эле мүлктү өткөрүп берүүнү туура көрүшөт.
  • Керээз: Белек берүү келишиминен айырмаланып, керээз аны жазган адамдын көзү өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ага чейин өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.
  • Сатып алуу-сатуу жана алмашуу: Бул формалар тараптардын өз ара милдеттенмелерин камтыйт, ал эми белек берүү мүлктү кайтарымсыз өткөрүп берүүнү камтыйт. 

Белек берүү келишиминин бир катар юридикалык артыкчылыктары бар:

  • Юридикалык жөнөкөйлүк: Тариздөөнүн салыштырмалуу аз талаптары белек берүү келишимин сатып алуу-сатуу сыяктуу башка келишимдерге караганда жеткиликтүүрөөк жана бюрократиядан алыс кылат.
  • Салыктык милдеттенмелерден качуу: Жакын туугандар арасында белек берүү киреше салыгынан бошотулат, бул экономикалык жактан пайдалуу.
  • Укуктарды дароо өткөрүп берүү: Белек берүү келишими белек алуучуга менчик укугун дароо өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет. Мында мүлктү өткөрүп берүү процесси жөнөкөйлөшөт, тездейт. 
  • Мураска калтыруудагы көйгөйлөрдөн качуу: Мүлк белек берүүчүнүн көзү барында өткөрүлүп берилгендиктен, мураска калтыруу менен байланышкан “баш оорудан” жана талаш-тартыштардан качууга жардам берет.
  • Өзгөчө шарттарды тариздөө: Белек берүү келишими белек берүүчүнүн мүлктү өмүр бою колдонуу укугу сыяктуу өзгөчө шарттарды камтышы мүмкүн, бул анын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ийкемдүүлүктү камсыз кылат.
  • Белек алуучунун укуктарынын корголушу: Келишим таризделип, мүлк өткөрүлүп берилгенден кийин белек алуучунун белекке болгон укуктары мыйзам тарабынан корголот, бул белек берүүнү жокко чыгаруунун же башка адамдардын талашуу аракеттиринин алдын алат.
  • Мүлктү бөлүштүрүүдөн коргоо: Белекке келген мүлк белек алуучунун өзүнө гана таандык. Жубайы менен ажырашса, белекке келген мүлк бөлүштүрүлбөйт. 

Белек берүү келишими мүлктү бекер өткөрүп берүүнүн ыкмасы катары жагымдуу болгону менен, бир катар тобокелдиктер менен коштолот:

  • Келишимдин кайтарылгыс мүнөзү: Белек берүү келишими аткарылгандан кийин артка жол жок. Келишимди жокко чыгаруу өзгөчө учурларда гана ишке ашышы мүмкүн.
  • Талаш-тартыш: Белек берүү келишимине башка мураскорлор же кызыкдар тараптар каршы чыгышы мүмкүн. Өзгөчө аларда келишим кара ниеттик менен түзүлгөн, айталы, белек берүүчү өз аракеттерин аңдай албаган (ооруган) учурда түзүлгөн дегенге негиз бар болсо. 
  • Белек берүүчүнүн каржылык туруксуздугу: Эгерде белек берүүдөн кийин белек берүүчүнүн каржылык абалы начарласа, ал белекке берилген мүлктү кайтара албайт, бул жагымсыз жагдайларга алып келиши мүмкүн.

1-кадам: Документтерди даярдоо 

Алгач белекке берилүүчү мүлктүн түрүн аныктап, тиешелүү документтерди даярдаңыз:

  • Кыймылдуу мүлк үчүн: Мүлктүн тизмесин жана анын баасын даярдаңыз.
  • Кыймылсыз мүлк үчүн: Кыймылсыз мүлккө укук берүүчү документтерди, мисалы, жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны камдаңыз. 

2-кадам: Келишимдин формасын аныктоо

  • Оозеки макулдашуу: Эгерде белектин баасы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаса жана ал дароо ыйгарылса (мисалы, жеке буюмдар), келишим оозеки түрдө түзүлүшү мүмкүн.
  • Жазуу түрүндө: Эгерде белекти юридикалык жак берип жатса, белектин  баасы чоң болсо же келишим келечекте белек берүүнү убада кылса, келишимди жазуу түрүндө түзүү зарыл. Анда белек берүүчү менен алуучунун маалыматтары, белек тууралуу маалыматтар, белек кандай шартта, кайсы күнү өткөрүлүп берилери жазылат. 
  • Мамлекеттик каттоо: Кыймылсыз мүлктү белекке берүү келишими мамлекеттик каттоодон өтүшү керек, нотариалдык күбөлөндүрүү шарт эмес. 

3-кадам: Белекти өткөрүп берүү 

Белекти өткөрүп берүүнүн бир нече жолу бар:

  • Түз өткөрүп берүү: Мүлктү белек алуучуга жеке тапшырыңыз.
  • Символикалык өткөрүп берүү: Эгерде түз өткөрүп берүү мүмкүн болбосо (мисалы, унааны өткөрүп берүүдө), ачкычтарды тапшыруу өткөрүп берүүнүн символу болуп калышы мүмкүн.
  • Укук берүүчү документтерди өткөрүп берүү: Кыймылсыз мүлк жана каттоону талап кылган башка мүлктөр үчүн укук берүүчү бардык документтерди тапшырыңыз.




    Окшош суроолор